Досболов Мамасабыр (Молдо Сабыр) 1955-жылы Баткен районуна караштуу Зардалы айылында туулган. Мектепте окуп жүргөндө эле диний сабатын өз атасынан ачат. Орто мектепти бүтүргөндөн кийин, андан ары диний илимге кызыгып, окуусун ушул багытта улантат. Дин илимин алууну 1971-жылдан баштап Баширов Молдо Шамшидин деген устаздан баштаган. Андан ары 1979-жылы Тажикстандын Исфара аймагындагы улуу аалым Молдо Абдисами каарыдан илим алуусун улантат. Араб тилин жан грамматикасын, хадис, тафсир, жана илимдерди, фарси, чагатай тилдерин өздөштүрөт. 1976-жылдан Молдо Абдысаттар устаздан илимин улантып, фыкхи, акыйда, фараиз ж.б илимдерди үйрөнөт. 1979-жылдан 1989-жылга чейин балдарга өз алдынча билим берүүнү уланта берет. 1989-жылдан баштап Бухара шаарныдагы “Мир араб” медресесинде устаздык кылат. 1994-жылдан Бишкек шаарында медресе уюштуруп, азыркы мезгилге чейин миндеген диний билими жогору балдарды тарбиялап, билим берип келген.