Исламда полигамиянын орду
Исламда полигамиянын[1] орду
Биринчи бөлүм
Үй-бүлө куруу бардык мамлекеттерде жана коомдордо бар көрүнүш, динде да үй-бүлө куруу зарыл. Үй-бүлө куруу түшүнүгү ислам дииннде чоң даанышмандык философия камтылган жана үй-бүлө куруу динибизде зор мааниге ээ. Ислам бир аял алууга чектелген эмес. Мусулман эркек төрт аялга чейин үйлөнсө болот. Азыркы илимий ачылыштардын айтуусу боюнча эркектердин табияты, психологиясы көп аял алууга жөндөмдүү (склонный) жана оң натыйжаларга алып барат (физиономия жактан). Ал эми аялдыкы (табияты, психологиясы) тескерисинче, бир гана эркекке чектелген, полиандрия[2] аялга физиономия жана психология тараптан зыян.
Шарияттын көз карашы боюнча полигамия адал нерсе. Аллах Таала Куранда полигамия тууралуу мындай деген:
فانكحوا ما طاب لكم من النساء مثنى و ثلاث و رباع فان خفتم الا تعدلوا فواحدة
“Өзүңөргө жаккан аялдардан экөөнө, үчөөнө жана төртөөнө үйлөнгүлө. Эгер адилетсиздик болот деп коркоңор, бирөөгө гана чектелгиле”[3]
Ошентип шарият полигамияга уруксат берген. Мусулман эместер, өзгөчө “феминизм” көз карашын колдогондор исламдын бул тарабын колдон келишинче сынга алышууда. Бирок ислам өкүмдөрү адам баласынын каалоосуна көз каранды эмес. Аллах Таала айткан:
و لو اتبع الحق اهواءهم لفسدت السموات و الارض و ما فيهن
“Эгер акыйкат алардын каалоосун ээрчигенде асмандар менер жер жана алардын ичиндегилердин бардыгы бузулуп жок болмок”[4]
Ислам дини полигамияга абсолюттуу түрдө уруксат бербейт. Анткени бул маселе бир тараптуу эмес, өкүмү абалга жараша болот, кээде жөн эле адал болсо кээде тыюу салынат, кээде милдеттүү болушу да мүмкүн. Ушул себептен улам бул маселени ар тараптуу кылып кароо зарыл.
Адам баласы дүйнөдө пайда болгондон бери согуштар уланып келүүдө, тарых барактарын карай турган болсок, согуштан бош барак таба албайбыз. Согуш адатынча эркектер арасында болот. Албетте согуш эч качан курмандардан бош болбойт. Натыйжада көптөгөн аялдар жесир калат, мындай учурда полигамия мамлекет жана өзгөчө аял затына абдан маанилүү болот. Анткени жесир аялдар жалгыз эмес, тескерисинче, бир нече балдары менен болуп калуусу ыктымалыраак. Мындай аялдарды балдары менен кошо күчү жеткен эркектер өз моюндарына алуусу зарыл. Эркектердин санынын азаюусу менен көптөгөн кыздар турмушка чыга албай калат. Жалгыз калган кыздарды да эркектер өз мойнуна алуусу керек. Мындай учурда эркектер полигамияга амал кылуусу менен коомчулукту бузукулуктан сактап калат. Себеби күйөөсүз калган аялдардын көбү күнөөгө түшүп калуусунда чоң ыктымал бар, эркек дагы бул нерседен кепилдикте эмес. Согуш абалындагы кыскача сөз ушул.
Уландысы бар...
[2] Бир учурда аялдын бир нече күйөөсүнүн болуусу.
[4] Муминун сүрөсү, 71-аят