Исламский институт имени Расул-Акрама

Шаабан айынын пазилети

#

ШААБАН АЙЫНЫН ПАЗИЛЕТТЕРИ

 

         Урматтуу бир тууган! Аллах Тааланын адамдарга берген өмүр белеги өтө кымбат жана баалуу.Анын ар бир мүнөтүн баалап, анын текке кетишине жол бербөө ар бир аң-сезимдүү адамдын милдети. Айлардын жана күндөрдүн арасында башка күндөргө караганда   амалдардын сообу көбүрөөк болгон күндөр бар. Ушундай пазилеттүү айлардын бири Шаабан айы. Бул айда болгон эң маанилүү тарыхый окуялардын бири – «Тахвили кыбыла» башкача айтканда, кыбыланы өзгөртүү окуясы. Хижраттын биринчи жылы Шаабан айынын 15 кыбыла Байтул Мукаддастан Масжидул Харамга өзгөртүлгөн.

 Бул тууралуу Алла Таала айтат:

 

قَدْ نَرَى تَقَلُّبَ وَجْهِكَ فِي السَّمَاءِ فَلَنُوَلِّيَنَّكَ قِبْلَةً تَرْضَاهَا فَوَلِّ وَجْهَكَ شَطْرَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ وَحَيْثُ مَا كُنْتُمْ فَوَلُّوا وُجُوهَكُمْ شَطْرَهُ

 

            «Кээде жүзүңдү асманга буруп турганыңды (вахийни күтүп) көрөбүз. (Тынч бол) Сени ыраазы болгон Кыбылага (Каабага) жүзүңдү бурабыз. Жүзүңдү Харам (Каабага) тарапка бур! (Эй момундар, силер да) кайда болсоңор да, жүзүңөрдү ошол тарапка бургула!..»[1]

         Урматтуу бир тууган! Шаабан айы эң улуу жана фазилеттүү айлардын бири экендигине көптөгөн далилдер бар. Айрыкча Ражаб, Шаъбан жана Рамазан айлары Расулуллах саллаллаху алейхи васаллам тарабынан жогору бааланып, мындай деп кайрылган:

 

         Айша энебизден (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылынат:

 

عن عَائِشَةَ رضي الله عنها قَالَتْ: " لَمْ يَكُنْ رَسُولُ اللّهِ صلى الله عليه وسلم فِي الشّهْرِ مِنَ السَّنَةِ أَكْثَرَ صِيَاماً مِنْهُ في شَعْبَانَ

 

            «Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, жылдын эч бир айында Шаабандагыдай көп орозо кармачу эмес»[2]

 

Дагы бир хадисте Усама бин Зайд радыяллаху анху, мындай дейт:

 

عن أُسامةَ بنِ زَيْدٍ رَضي الله عنهما قال: قلتُ يا رسولَ اللهِ لَمْ أَرَكَ تَصُومُ مِنْ شَهْرِ مِنَ الشُّهُورِ مَا تَصُومُ مِنْ شَعْبَانَ، قَالَ ذَاكَ شَهْرُ يَغْفُل الناسُ عَنْهُ بَيْنَ رَجَبَ وَرَمَضَان وَهُوَ شَهْرُ تُرْفَعُ فيه الأعمالُ إلى ربِّ العَالمينَ وأُحِبُّ أَنْ يُرْفَعَ عَمَلِي وَأنا صَائِمُ

 

                «Бир күнү мен Алланын Элчисинен (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Оо, Алланын Элчиси, мен сенин Шаабан айындагыдай орозо кармаганыңды көргөн жокмун?» - деп сурадым. Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Бул ушундай ай болгондуктан, Ражаб менен Рамазандын ортосунда адамдар андан кабарсыз болушат. Бул айда амалдар ааламдардын Раббисине көтөрүлөт. Ошондуктан: «Мен амалдарымдын орозо туткан абалда аткарылышын жакшы көрөм» .[3]

 

         Бул хадистен алынчу сабактардын бири – бул эки улуу Ражаб менен Рамазан айынын ортосуна келген Шаабан айынын пазилеттеринен адамдардын унутулуп калгандыгы. Анткени, Ражаб айы согушка тыюу салынган ыйык айлардын бири, ал эми Рамазан орозо парз болгон, Курани Карим түшүрүлгөн, эң улуу түндү камтыган ай. Ал эми Шаабан айы согуш арам болгон айлардан эмес, Рамазан айы сыяктуу көп жакшылыктарга ээ эмес. Бул адамдарды бул айга көбүрөөк көңүл кош болууга түртүшү мүмкүн. Бирок, бул жаңылыштык, бул хадисте Пайгамбарыбыз адамдардын көпчүлүгү капарына албаган Шаабан айындагы амалдардын сооптуу экендиги жана бул айдын көпчүлүк күндөрүн орозо кармоо менен өткөрүүнүн артыкчылыгы туурасында айтып өттү. Ошондой эле бул айда ар бир адамдын кылган амалдары Аллах Таалага көтөрүлөт.

         Келиңиз, биз дагы бул айдагы соопторго жетүүгө бел байлап, мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче Аллах таалага ибадат кылып Ага жакындайлы. Шаабан айы бул Рамазанга болгон алдын ала даярдык. Ким бул айда канчалык даярданса, анда Рамазан айында убактысын туура пайдаланып, андагы ибадаттарды талыкпастан сергек аткаруусуна шарт түзүлөт.

 

         Атактуу мужтахид аалым Имам Шафии, ага Аллахтын салам-салаваты болсун, мындай деген:

 

بلَغَنَا أَنَّهُ كَانَ يُقَالُ: إِنَّ الدُّعَاءَ يُسْتَجَابُ فِي خَمْسِ لَيَالٍ: فِي لَيْلَةِ الْجُمُعَةِ وَلَيْلَةِ الأَضْحَى وَلَيْلَةِ الفِطْرِ وَأَوَّلِ لَيْلَةٍ مِنْ رَجَبٍ وَلَيْلَةِ النِّصْفِ مِنْ شَعْبَانَ

         Бизге жеткен кабарларга караганда, беш түн: Жума түнү, Курман айт түнү, Рамазан айт түнү, Ражаб айынын биринчи түнү жана Шаабан айынын ортосуна караган түнү дуба кабыл болот.

         Аалымдар арасында мындай деп айтылган сөз бар:
«Ражап айы – бул үрөөнчүлүк айы. Шаабан айы – сугатчылык айы. Ал эми Рамазан айы – түшүм жыйноо айы».

 

 

 

 

 

 

 

[1] . Бакара сүрөсү, 144-аят

[2] . Имам Муслим риваяты

[3] . Имам Насаи риваяты, 2357-хадис

73