Исламский институт имени Расул-Акрама

Орозонун максаттары

#

Орозонун пазилети

Орзонун пайдалары: пенденин даражасы жогорулайт, күнөөлөрү кечирилет, напси-азгырыктардын шагы сынат, садакалар көбөйөт, ибадаттардын саны көбөйөт, Аллах Таалага миңдеген шүгүрчүлүктөр айтылат жана адам баласы ыкластуулук менен орозо кармаганда күнөө-бузуку иштерден табияты жийиркене баштайт.

Пайгамбрыбыз (с.а.в) айткан:

“Рамазан айы келгенде, бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери бекитилип шайтандар кишенделет”.[1]

Пайгамбар алейхи салам айткан: “Орозо адамдын көз астында тамак жеп ичилсе, периштелер ошол замат тамак ичилип бүткүчө орозолууга жакшы дуба кылышат.”[2]

Рамазан айында бейиштин эшиктери ачык дегенден макат: Бейиш эшиктеринин ачылышына себеп боло турган амалдардын көптүгү рамазанда.

Ал эми тозок эшиктери жабык дегенден максат: Тозок эшиктерин ача турган күнөөлөрдүн азайышы.

Шайтандардын кишенделүүсүнөн максат: Орозо кармагандардан шайтандын азгырыгы үзүлөт, анткени алар шайтандын күнөөгө болгон чакырыгына жооп берүүнү эңсешпейт.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) Аллах Тааланын сөздөрүн айтат:

“Адам баласынын амалдарынын баардыгы өзү үчүн, бир гана орозодон башкасы, ал мен үчүн, анын сообун өзүм берем!”

Ал (с.а.в) айткан:

“Орозо калкан (анткени ал напси каалоолордон тыят), качан бирөөңөрдүн орозо күнү келгенде, жаман сөздөн оолак болсун. Кимдир бирөө аны урушса же сөксө – мен орозомун деп жооп кайтарбасын. Мухаммаддын жаны колунда болгон Затка ант ичем! Орозо инсандын оозундагы жыт, кыямат күнү Аллах Тааланын алдында мисктин жытынан артык. Орозо адамдын эки сүйүнүчү бар, бири ооз ачып жатканда, экинчи Аллах Таалага жолукканда”.

Орозолуу адамдын оозундагы жык Алланын алдын жакшы дегендин мааниси: Орозонун себебинен ооздо пайда болгон жыттын сообу Алланын алдында мисктен жакшы.

Ал (с.а.в) айткан:

“Адам баласынын баардык амалы көбөйтүлөт, жакшы амал онго көбөйтүлүп анан жети жүзгө көбөйтүлөт. Аллах Таала айтат: Орозодон башкасы, анткени ал мен үчүн болгон жана сообун өзүм берем, орозо инсан каалосун жана тамагын мен үчүн калтырган”.[3]

Аллах Тааланын “Адам баласынын амалдары өзү үчүн, орозодон башкасы, ал мен үчүн” деген сөзүнүн мааниси: Аллах Таала орозого шарапаттуулукту таандык кылып жатат. Анткени орозонун билинбестиги үчүн ада рия жок. Ачкачылык жана чаңкагандык менен жер падышаларына жана буттарга жакындап болбойт, бир гана орозо менен Аллах Таалага жакындаса болот.

Хадисте Аллах Таала: Орозолуу адам напси каалосун жана тамагын мен үчүн калтырды – дегенден төмөнкүдөй маани чыгат:

Орозолуу адам напси каалосуна карабай Аллага баш ийүүнү өз напсисине баш ийүүдөн артык койду. Ушул себептен Аллах Таала анын сообун өз мойнуна алды. Ким Аллах Тааланы артык койсо Аллах Таала аны артык койот. Ким күнөө кылууга ниеттенип, кийин орто жолдо Аллах Тааландан коркуп, оюунан кайтса, Аллах Таала амал жазуучу периштелерге: Ага сооп жазып койгула, анткени ал мен үчүн күнөөндөн баш тартты – деп айтат.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтат:

“Бейиште Раййан деген бир эшик бар. Кыямат күнү орозо кармоочулар ошол аркылуу бейишке киришет, алардан башка эч ким ал эшиктен кирбейт. Кыяматта айтылат экен: Кайда орозо кармоочулар? Алар ошол эшик менен бейишке кирип кеткенден кийин, ал эшим бекитилип, башка эч ким ал эшик менен кире албайт”[4]

Пайгамбар алейхи салам айткан: “Орозо адамдын көз астында тамак жеп ичилсе, периштелер ошол замат тамак ичилип бүткүчө орозолууга жакшы дуба кылышат.”[5]

Орозолуу инсандын көз алдында тамак ичилип жатса, тамак-аш анын көз алдында болуп, даам татуудан баш тартса, ал напсини тыюууда чеберлик кылган болот. Бул көрүнүш периштелердин ага ырайым жана кечирим дубасын кылууга толук акылуу кылат.

Орозо күнөөлөрдүн кечирилишине себепкер. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: “Рамазандан рамазанга чейин күнөөлөр кечирилет, эгер пенде чоң күнөөлөрдөн оолак болсо”[6]

Дагы бир хадисте Азирети Пайгамбар алейхи салам айтты:

“Ким рамазан айында орозону парз деп ыйман келитирип  жана Аллах Тааладан соопту үмүт кылып орозо тутса, өткөн күнөөлөрү кечирилет”.

Орозо напис каалоолорун тыят. Анткени ачкалык жана чаңкоо шахваттын ысыгын суу отту өчүргөндөй өчүрөт. Алланын Элчиси алейхи салам айтты: “Оо жигиттер! Кимдин мүмкүнчүлүгү болсо, үйлөнсүн. Албетте бул көздү сактайт жана зынаадан арылтат. Ал эми кимдин мүмкүнчүлүгү жок болсо, орозо кармасын”.[7]

 

[1] Бухари, Муслим.

[2] Даарими, Муснад Ахмад

[3] Сахих Муслим.

[4] Сахих аль Бухари

[5] Даарими, Муснад Ахмад

[6] Муснад Ахмад

[7] Муснад Ахмад, Бухари, Муслим.

78