Исламский институт имени Расул-Акрама

Орозо - Жараткандын белеги

#

Орозо – бул Жараткандын белеги

 

Орозо – бул Алла Тааланын пенделерине  парз кылынган ибадаты жана улуу Жараткандын белеги. Орозо күнөөдөн тыйуучу жана козголоңчу напсини басуучу. Орозонун жан дүйнөнү оңдоодо жана тарбиялоодо, ички дүйнөнүн маанайын башкарууда негизги жана чечүүчү ролу бар. Ыйык Рамазан айынын жакындашы менен мусулмандар бул илахий милдетти аткаруу үчүн  даярдана баштайт р бир адам бул берекелүү жана шарапаттуу айдан максималдуу түрдө пайдаланууну каалайт. Көбүрөөк аң-сезим жана көңүл буруу үчүн пайгамбардын хадистери жана Куран аяттары аркылуу орозонун пазилеттерин билсек болот.

Аяттарда жана риваяттарда колдонулган нерселерге караганда орозонун парз экендигинин максаты руханий жан дүйнөнү жана адеп-ахлактык жагын талкуулап, изилдөөгө болот. Исламда такыбалык баштапкы ахлактык баалуулукка такалса пайгамбардын дагы максаты адеп-ахлакты толуктап оңдоо болгон.

Алла Таала Курани Каримде айтат: Эй, ыймандуулар! Силерден мурдагыларга буйрулгандай эле, силерге да орозо кармоо буйрулду. Бул орозо силердин такыба болууңар үчүн. (Бакара сүрөсү,183-аят)

Бул нурдуу аят абдан маанилүү мазмуну менен ибадат кылуунун философиясын баяндап кеткен. Орозо адам жашоосунун бардык тармагында бакыт алып келиши чындык. Эң бир өзгөчөлүгү такыбалык жана адеп-ахлак, тарбия жагына басым жасалганы. Анткени, такыбалык- бул адеп-ахлактын туу чокусу. Бул айда шайтан заты кишенделип адам баласы эркиндикке чыгып өзүнүн ким экендиги ачыкка чыгат. Кыямат күнү да адам кылган амалдарын Шайтанга шылтагысы келсе толугу менен мындай эмес экенин бул ыйык орозо айы күбө катары тастыктап бере алат.

56