Исламский институт имени Расул-Акрама

Айт маарек күнү тууралу

#

بسم الله الرحمن الرحيم

Айт намазы жума намазы сыяктуу ваажип болуп саналат. Жума намазына эмне шарт болсо, айт намазына да ошол нерселер шарт. Орозо айт күнү төмөнкү амалдарды аткаруу мусулман инсан үчүн сооптуу жана мустахаб:

  • эртең бир нерседен даам татуу;
  • даам таткан нерсе так сандагы курма болуусу;
  • толук гусл кылуу;
  • мисвак менен тиштерди тазалоо;
  • жакшы атырларды себинүү;
  • эң кооз кийимдерди кийүү;
  • садака фитирди берүү;
  • ошол күнү кубанычта болуу;
  • мүкүнчүлүгүнө жараша садака берүү;
  • эртелеп уйкудан туруу;
  • эртелеп мечитке баруу;
  • эртең мененки башымдат намазын мечитте окуу;
  • мечитке ичинен такбир айтып баруу;
  • мечитке жеткенде такбирди токтотуу;
  • айт намаздан башка жол аркылуу үйүнө кайтуу;

Бул күн мусулмандардын майрамы, Аллах Таала бул күндү күбанычтын жана даам татуулардын күнү кылды, ошондуктан айт күнү орозо тутууга тыюу салынган. 

54