Исламский институт имени Расул-Акрама
Бала тарбиялоодогу кайдигерлик
Ислам динибизде тээ илгертен эле бала тарбиясына өтө көңүл бурулуп келет.Баланын туура тарбия, таалим алышына көптөгөн Куран жана хадистен баяндар айтылып, китептер жазылып келген. Баланын тарбиясы үчүн баяндар, санжыра,жомоктор жана тамсилдер айтылып жана жазылып,баланы туура ислам тарбиясы менен тарбияланышына биздин ата-бабаларыбыз колдон келишинче шарт түзүшкөн.Абдан кыйын учурларда да баланын туура тарбияга үйрөткөн. Азыркы учурда балдар абдан кайдигерлик менен тарбияланууда.Муну айткан себебим аны балдардын баскан турганы,кыймыл аракети,коомчулукта өзүн алып жүрүүсү,адеби,сүйлөгөн сөзү жана чоңдорго кылган мамилеси тастыктап турат.
Кайдигерлик деген эмне? Бул сөздү баарыбыз эле базарларда,мечиттерде жана эл көп баскан жолдордун четинде тилемчилик кылып турган эжелердин,арабада олтурган агалардын,жаш балдардын жана кыздардын каробкасында “Кайдигер карабаган инсандардан жардам сурайбыз”- деп жазылып турганда көргөнбүз. Бирок ошол кайдигерлик деген сөз эмне экенин билебизби? жана анын зыяндарынан алыспызбы? же кайдигерлик деген сөздүн өзүнө кайдигер карап өтүп кетип жүргөнбүзбү? бир нерсени айтуудан же жазуудан мурда анын өзүн аныктап алышыбыз керек.
Темабыз да кайдигерлик жөнүндө болгондуктан колдон келишинче кайдигерлик эмне экенин жөнөкөй тил менен түшүндүрөйүн.Кайдигерлик деген сөз,бир нерсеге же бир ишке көңүл кош мамиле жасоо же ошол иштен боло турган зыянды ойлобоо деп кыскача түшүндүрүсөк болот.Кайдигерликтинда түрүлөрү көп. Мисалы: Кээ бир адамдар ден-соолугуна кайдигер, кээ бири убактысына, дагы бири жумушуна, анча мынчасы үй-бүлөсүнө, дагы бирөөсу байлыгына адалдан киреше кирип жатабы же арамдан кирип жатабы айырмасы жок, акча болсо болду.Мындан башка толтура кайдигерликтер бар.Алардын ичинде эң чоң кайдигерлик бул динибизге жана акыретке кылынган кайдигерлик болуп саналат.Анткени Ислам динибизде адам баласы жаралгандан баштап бул дүйнөгө келиши,эмне максатта жаралышы,бул дүйнөдө эмнелерди жасап,эмнелерди жасабоо,өлгөндөн кийин эмне болобуз бүт баары эң мыкты таризде,Куран жана сүннөт ,хадис менен тастыкталып айтылынган.
Бүгүңкү күндө дин десе эле мечит жана медереселерди түшүнүп, дин ошол жерде гана деп чектеп алгандарда жок эмес.Дин-бул жашоо.Сен кайда барба дин ошол жерде.Дин-бул адамзаттын кызыкчылыгын ойлоп,ушул нерселерди кылсаң эки дүйнө бактылуу болосуң,бул нерселерди кылсаң эки дүйно бактысыз болосуң деген өкүмдөр менен шарият эрежелери камтылган.Бул нерсени Алаах Тааладан адамзатына жиберилген бир белек деп айтсак болот.Мына ушундай жашообузду баардык жагынан камтыган динибизде бала тарбиясы жөнүндө да кеңири айтылган.Бирок ошол айтылган нерселерге кайдигер карап,жатканыбыз жөнүндө бир аз айта кетейин.
Бүгүнкү күндө көпчүлүк ата-энелер жумуштан келишип,балдарына убакыт бөлө албай ,алар тынч олтурушу үчүн телефон сатып алып берип коюшкан.Алардын тынчтанып калганына сүйүнүп ,өздөрү да телефон карап же сериал көрүп олтура беришет.Бир сааттык сериалга же уйкуга балдарынын келечегин алмаштырып жатканын эч бири сезишпейт.Азыр ар бир үйдө,балдардын колунда телефон сөзсүз бар.Кээ бир балдар “фри файр” деген оюн ойносо,кээ бири “пабжи” деген оюн ойношот.Ал эми кээ бир кыздар болсо корей тасмаларын көрүшөт.Кээ бир кыздар чет элдик модель айымдарды көрүшөт.Айтоор баары батыштын чачып койгон идеологиясына суугарылып жатат.
Ата-эне тараптан тарбия деген нерсе такыр байкалбайт.Балдарды кийинтип ,ичирип жедиришин,эч нерседен кем кылбашын айтканын сатып алып беришин бала тарбиялап жатам деп айтуусу абдан кейиштүү угулат.Тилекке каршы келечекте башка өлкөгө кулду тарбия кылып жатканын сезишпейт. Мындай тарбияда өскөн балдар дайыма бирөөнүн жардамына муктаж болот.Өз алдынча бир да жумуш аткара албайт. Эрке,талтаң ,коркок болуп, өз алдынча ой жүгүртө албай жана жеңил ойлуу болушат.Көбүнчө “суцид”(өзүн өзү өлтүрүү ) мына ушул жеңил ойлуулуктан келип чыгат.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) өз сөзүндө мындай деген: “Атанын балага калтырган эң жакшы мурасы бул мыкты тарбиясы” деп айтып,баланы туура тарбиялоого басым жасаган. Азыркы учурда мурас катары балдарына үй,жер,мал-мүлк,акча,алтын,күмүш жана зер буюмдар мурас катары калат.Туура бул нерселер калат,бирок калган акча жана мал-мүлктү мураска алган баласы туура жолго иштетеби же жокбу бул жагы күмөн.Ал эми туура тарбияланган балага эч нерсе калтырбасаң да ал кележекте оз жолун туура таба алат. Анткени ал балык жегенди эмес,балык тутканды үйрөнгөн.
Туура тарбия баланын келечеги үчүн түгөнгүс казына болуп эсептелет.Ал казына кайда барбасын аны менен дайым бирге жүрөт.Жашообузда адамзат гана балдарын туура тарбиялоого аракет кылышат десек өтө адашкан болоор элек.Анткени балдарын туура тарбиялоого жан-жаныбарларда аркет кылышат.Бул нерсени көпчүлүгүбүз жашообузда кездештирип эле келебиз.Бирок маани бергендерибиз өтө аз.Мисал катары бүркүт жаныбарын алалы.Бүркүттөрдү баарыбыз угуп,билип көрүп эле жүрсөк керек.Айрым адамдар кургактагы жаныбарлардын падышасы арстан десе,асманда учкан канаттуулардын падышасы бүркүт дешет.Дал ошол канаттуулардын падышасы бүркүт балдарын кантип өзүндөй алп бүркүт кылып тарбиялайт.Ал жөнүндө бир аз айтып өтөлү.
Бүркүттөр уясын борон жана кар,жамгырлар мекени болгон тоо чокуларына курушат.Уясынын ичине шишенин майда бөлүкчөлөрүн ,таштын бөлүктөрүн ташташат.Кийин жумуртка тууп,балапан ачып чыгарышат.Ата бүркүт аларды азык менен камсыз кылып жана сырттан аларды көзөмөлдөп турат.Күндөр өтүп,балапандар бир аз чоңойгондо,эне бүркүт аларга жашоонун машакаттарынынан даам таттыра баштайт.Алар бул кыйынчылыктардан качып уядан сыртка чыга башташат.Эне бүркүт балапандарына өз уясында шише бөлүкчөлөрүнөн башка эч нерсе калтырбайт.Ошондо алар айласыздан уянын үстүнө чыга баштайт.Эне бүркүт алардан бирин төмөн карай түртүп жиберет.Ал катуу ылдамдыкта ылдый көздөй кулап түшө берет.Сыртан караган адамга балапандар өзүн өзү өлтүрүп жаткандай сезилет.Бирок ал балапанды жерге жеткирбестен эне бүркүт балапанын буту менен кармап алат.Ушундай иш балапандар өз алдынча учуп калганга чейин улана берет.Мына ушундай кыйын шартта тарбияланган бүркүт чыныгы бүркүт боло алат.Кээ бир ата энелер баласын айаймын деп,балам кыйналбасын деп баланы коркок,эрке,тантык,өзүмчүл кылып койгондор үчүн эң жакшы үлгү боло алат.
Азыркы учурда телефон ата-эне менен баланын ортосун алыстатып ортодо бир топ түшүнбөстүк жаратты.Туура азыр 21- кылым.Техника,илим-билим өнүккөн заманда жашап жатабыз.Баланын колунан телефонду алып коюу менен маселе чечилбейт.Болгону баланын эмнеге кызыгып жатканын билип, ошол жактан балага түшүндүрмө берип баланы өстүрүүгө аракет кылуубуз керек.Көбүнчө бала менен чогу олтуруп баланын жакшы көргөн мультфилимин чогуу көрүп балаңызга жакшы жактарын айтып мына ушундай болуш керек деп,жаман жагы болсо эч качан сен мындай кылба көрдүңбү бул эмне болду деп, балага көруп жаткан мультфилимдерин туура талдап, ой-жүгүртүп туура жагын кабыл алып туура эмес жагын таштап салууга азыртан көндүрүшүбүз керек.Антпесе бала көргөн нерсесин кайталоого абдан ашыгат.Анан бара бара жаман адаттар балада пайда болот.
Ата-эне менен бала ар дайым тыгыз мамиледе болсо,бири-бирин мыкты түшүнсө бала мээримди толук ала алат.Азыркы учурда ар кайсы бала ар кандай жанрдагы кино,мультфилимдерди көрүшөт.Жана көргөн киносун жашоосунда кайталоого аракет кылышат да дал ошондой кийинишет.Ошого жараша балада түшүнүк пайда болот.Азыр дагы бир топ кыздар корейлерди туурап кийинип көчөдө жүрүшөт.Ошол корейлердин идеологиясын колдоп,коргоп келе жаткан муун өсүп келе жатат.Дагы бир тобу европанын стилинде кийинип ошолордун идеологиясын колдоп,коргоп бир муун өсүп келе жатат.Эгерде балдардын тарбиясына кайдигер карай бере турган болсок жумуш,жумуш деп коюп, анда биз өздүгүбүздү жана кыргыз экенибизди жоготобуз.Бул абдан коркунучтуу.
Балдарга телефон берип коюп аларды көзөмөлдөбөсөк аягы бизди эч качан тынч жашоого алып келбейт.Дүйнөдөгү 200 милионнерди чогултуп сурамжылоо жүргүзүшүптүр.Алардын 67% телевизор көрүшпөгөнүн айтышкан жана 86% күнүгө китеп окушканын айтышкан.Анан дагы 63% аялдамада автобус күтүп калганда же бирөөнү күтүп турганда дайыма аудио китеп угушканын айтышкан.Ар дайым телефон,телевизор көргөндөрдү китеп окугандар башкарат.
Урматтуу ата-энелер сиздер үйдө башкаруучуну тарбия кылып жатасыздарбы же башкарылуучунубу? муну ар бириңиздер түшүнүп жетиңиздер.Бүгүнкү күндө бизге кайсыл тармак болбосун ошол тармактын чыныгы бүркүтү керек болуп жаткан учуру.Баланы туура тарбиялоо бүгүнкү күндө аба суудай зарыл болуп турат.Бала тарбиялоо тагыраагы адам тарбиялоо канчалык маанилүү экенин тастыктаган бир тарыхый окуяны кошуп кетейин.
Баарыбыз билгендей эле Кытайда дүйнөнүн жети кереметинин бири болгон кытайлардын эң узун чеби бар.Ал дүйнөгө “Улуу Кытай дубалы” деп таанылган.Анын жалпы узундугу 8851км. Туурасы 5,5метр.Аны курууга көптөгөн жылдар кеткен. Дубалдын курулуусунун себеби кытайларга көчмөн элдердин тынымсыз чабуулунан коргонуш үчүн алар ушундай кубаттуу дубалды курууга аргасыз болушкан.Кытайлар дубалды куруп бүткөндөн кийин бизди эми эч ким жеңе алышпайт деп ойлошкон.Бирок тилекке каршы кытайлар дубалдар курулуп бүткөндөн кийин эки жолу душмандарга жеңилген.Мунун себебин сурашканда “Биз душман өтө алгыс дубал курдук деп сүйүнүптүрбүз,бирок адам тарбиялаганды унутуптурбуз.Анткени биз ал дубалдарга койгон аскерлерге душмандар түнкүсүн келип,алтын сунуштап азгырып,ал эми ал алтындарга жоокерлер азгырылып душмандарга эшик ачып берип коюшкан.Мына ошонун себебинен биз жеңилдик” деген экен. Ошондуктан балдарды мыкты жеңилбес,өжөр бүркүт мүнөз кылып тарбиялоого аракет кылалы.Балдардын туура тарбиясы,өлкөнүн күчтүү армиясы деп айтсак болот.Бул макаланы төмөнкү бир куплет ыр менен жыйынтыктап кетели.
Жараткандан жакшы тилек сурайлычы,
Келечекти жаштар менен курайлычы.
Ар бир кунгө, өзүнчө максат коюп,
Ошол үчүн таң эрте турайлычы.
Ар бир бала өзү кызыккан нерсесинин мыкты адиси боло алат.Болгону ошол кызыгуусуну жоготпостон алдын карай өөрчүтүш керек.Ар дайым ата-эне менен баланын ортосунда тыгыз байланыш болуп, алар ар дайым бири-бирин түшүнсө жана колдосо мына ошондо гана ар бир тармактын бүркүтү тагыраагы мыктысы чыгат.Баланын туура тарбиясы өлкөнүн күчтүү армиясы.Бала үчүн туура тарбия бул түгөнгүс казына.Бүгүнкү аракет,эртеңки келечек.