Адамдын кулк-мүнөзү
Адамдын кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму коомдун ар тараптуу өнүгүү жолуна түшүүсүнө тийгизген таасири деги эле жашоодогу орду. Элдин кээ бир катмарында "адеп-ахлак, жүрүм-турум маселеси жеке адамдын жашоосуна пайдасын тийгизет, коомдун ар тараптуу өнүп өсүүсүнө, стабилдүүлүгүн, труктуулугун сактоого тиешеси жок!" - дегендер да жок эмес. Бул тайыз түшүнүк! Анан да кээ бири: "адеп-алак, жүрүм-турум маселеси акыреттик маселе, бул дүйнө жасоосуна эч кандай тиешеси жок", - десе, дагы бирөөсү: "мунун коомго тиешеси жок, бул жеке жашоого гана таандык", - деп айтат. Булар туура эмес түшүнүктөр. Мына ошондуктан адеп-алак, жүрүм-турум бул жашоодо да, акыретте да пайдасын берет. Ошондой эле адамдын жеке жашоосуна да, коомдук жашоого да пайдасы бирдей. Демек, акылга, шариятка ыкталган адеп-ахлагы, жүрүм-туруму бар коомдо бейпил жашоо болот. Эгер мунун тескериси болсо, коомдук жашоо зоопаркка айланат. Ислам дини кишинин кулк-мүнөзүнө, жүрүм-турумуна өзгөчө көңүл бурат. Демек, биз мындан адеп-ахлак адамдын жашоо системасындагы эң зарыл болгон пайдубалдардын бири экендигин билебиз. Мына ошондуктан элдин кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму коомдун ар тараптуу өнүгүү жолуна түшүп, жок болуп кетпегендигине түздөн-түз байланыштуу. Атактуу акын Ахмад Шауки мындай деп айткан экен: "Улуттар кулк-мүнөзү жана жүрүм-туруму аркылуу сакталып турат, алардан ажыраганы - улуттан ажыраганы". Элестетиңиз, эгер коомду өзүмчүлдүк, өзүн-өзү сүйгөндүк, мыкаачылык каптаса, дүйнөлүк рейтингде, деңгээлде канчалык бай, өнүккөн өлкө болбосун, эли бактысыз жашоодо өмүр сүрүшөт. Акылга, шариятка ыкталган адеп-ахлак, жүрүм-турумдун таасири түздөн-түз коомчулукка таасир берет. Адепсиздиктин бактысыздыгы да дал ушундай таасир берет. Биз адеп-ахлак, жүрүм-турумдун булагы шарият деп ишенебиз. Бул бир адамдын ойлоп тапкан мыйзамы эмес, Жараткан Кудайдын мыйзамы. "Адам баласы бактылуу жашоосу үчүн, адамдардын түзгөн мыйзамы жетиштүү эмеспи? Анткени реалдуулукта Европа адамдардын эле түзгөн мыйзамы менен алда канча өнүгүп, бай болуп жашап жатышат го!?, - деген суроо пайда болот. Биз айтабыз: Ооба, мыйзамдар адам баласынын бактылуу жашоосунун бир эле себеби дейбиз. Бирок, булар мыйзам көрбөгөн жерде, мыйзамдуулуктан тайышат. Анткени биз айтып жаткан өлкөлөрдө свет өчүп калса, миллиондогон кылмыштар, уурулук өлкөнүн бардык аймактарында катталат экен. Демек, адам баласын бир гана мыйзамдар бактылуу кыла албайт! Анткени, мыйзамдын көзү көрбөй калганда, эл кылмыш кылууга шашат. Биз жанаатан бери айтып жаткан адеп-ахлак, жүрүм-турум - Жараткан Кудайдын көзөмөлдөөсүндө болгон адеп-ахлак, мындай адеп-алак менен адам баласы мыйзамдын көзү көрбөй калган учурда деле өзгөрүп кетпейт. Бул адеп-ахлагы, жүрүм-туруму дин менен суугарылган адам, анткени диндин көзү, көзөмөлү адамдан ажырабайт. Мына ошондуктан биз Жараткан Кудай катылган сырларды да билүүчү деген ишенимдебиз. Мына ошондо, "мен жалгыз болсом да, өзүмчүл боло албайм, мыйзам көрбөй калса да, Кудай көрүп, көзөмөлдөп турат" - деп айта алам. Жараткан Кудай мындай дейт: ِف ُظ َما ِإ َدْي ِه ِإاَّل َق َيل ِم ْن ْو ٍل ْ ل َرِقي ٌب َعِتيٌد َ (Инсан) Кандай сөз айтса да, анын алдында көзөмөлдөөчү (периште жазууга) даяр турат. Демек, адеп-ахлак, жүрүм-турум адам баласынын бактылуу жашоосун камсыздайт экен. Бирок бир шарты менен ошол адеп-ахлак, жүрүм-турум адамдардын мыйзамдарына эле эмес, шариятка ыкталган болуусу керек