Исламский институт имени Расул-Акрама

ИСЛАМ – СОГУШ ДИНИ ЖАНА КЫЛЫЧ МЕНЕН ТАРАГАНБЫ?

#

 

Азыркы учурда дайыма Ислам – согуш дини жана кылыч менен тараган деп тема көтөрүлөт. Бул тема идус же кытайлар тараптан көтөрүлбөйт, бирок индустарды буга акысы бардыр. Анткени Амир Темирдин урпактары Индияны басып алып, англиялыктар келгенге чейин бир канча кылым өмүр сүргөн жакшы бийликти орнотушкан. Бирок айтылган тема Батыш Европа тараптан көтөрүлгөндө бул - эки жүздүүлүктүн жеткен чеги жана баардыгына маалым  болгон фактыларды жокко чыгаруу дегенди билдирет. Маалым болгондой дүйнөдөгү эң чоң согуштар жана башка мамлекеттерди колония кылып басып алуу Европадан чыккан жана чыгып келе жатат. Европадан ар кайсы чөлкөмдө жергиликтүү элди кырып салуулар чыккан. Алар түндүк жана түштүк Америкада ондон көп миллион индейцтерди кырып жок кылган. Австралияны айтпай койсо болот, ал континеттеги тасмания эли түп тамыры менен европалыктар тараптан жок кылынган. Кулчулук доордо Африкадан Америкага 10 миллион киши кул катары алып кетилген. Айтылгандар колониялык согуштардын катарына кирет, бул тыйындык бир капталы.

Европа өзүндөгү согуш деген эмне? Мисалы германиядагы 30 жылдык согушта (1618-1648 жылдары) каза болгондордун саны ушунчалык болгон, күбө болгондордун биринин айтуусуна караганда түштүк германияда бир канча жума жүрүп, тирүү кишини көрүүгө болбойт эле, бир гана өлүк денелер жаткан болгон. Кээ бир маалыматтар боюнча 30 жылдык согушта Германия 40-75% жарандары каза болгон.

Бул согуштар орто кылымдарда болгон, кандайдыр-бир деңгээлде көз жумса болчудай. 20 – кылымды алсак, цивилизация, маданият, либералдык кылым. Батыштын цивилизация, маданият эли эки дүйөлүк чоң согушту ачып, натыйжада 100 миллиондогон киши каза болот. Бул согуштарда баардык ак европалык, христиандык элдер бири-бири менен согушкан жана Япония жүзүндө Азияга каршы согуш жүргүзүшкөн.

Ушул фактылардын алдында Ислам согуш дини деп айтуу, бир гана ачууну жана күлкүнү келтирет. Ислам тарыхында бир гана майда локалдуу согуштар болуп 1500-жылдан кийин Осмон импеприясы менен Иран ортосунда анча-мынча майда согуштар болгон. Исламда ушулар эле болгон, масштабтуу, миллиондогон кишилердин каза болуусуна алып келген согуштар эч качан болгон эмес.

Амир Тимурдун урпактары Индияны басып алганда, дагы эле эстен калбасы, гүлдөгөн, Индиянын маданиятына чоң салым кошкон империянын пайда болуусуна алып келген.

Акыйкатта Исламдагы кайсы нерсе Европанын кыжырын келтирет? Ислам – Евразиядагы бат тараган жана европалыктардын колониялык кыймылына каршы турган жалгыз цивилизация болуп саналат. Башка сөз менен айтканда, кайда гана мүмкүнчүлүк болбосун Ислам аларга каршы туруп, тиштерин сындырып турган.

20-кылымдын башында Кытай жер бетинен шагы сындырылган эле. Ал бир гана опиумга отуруп калган, жер иштеткен, экономикалык жактан сындырылган мамлекет болгон. Ал кезде Европалык державалардын элчилери Кытай императорунун сарайында улуу церемониялар болгондо, буттарын арчыбай, өз үйүнө кирип баргандай, кирип барышчу. Ал эми Ислам дүйнөсү европалыктарга каалагандай жүрүүгө жол бербеген ядро болгон. Исламдын мындай кылганы алардын жек көрүүсүн туу чокусуна жеткирип, бул дин алардын айтуусунда согуш динине заматта айланып калды.

Европалыктар каалаган жерде жүрүп, каалаганча элди кырып отурупп, Ислам дүйнөсүнө чалынып калышты. Европанын улуу державасы Британия төрт жолу Афганистандан сокку жеген. Алардын христианство - тынчтыктын, амандыктын дини деп айтканы наадандык менен аралашкан бетпактын болуп саналат. Анткени Европанын үрп-адатын христиандык эмес, алардын үрп-адаты Рим империясынын үрп-адаты. Европа римдик болуп, римдик бойдон калган. Америкага барсаңыздар Рим империясынын улуулугун аламаттарын дагы да көрүүгө болот. Мисалы Капитолий, сенаттар ж.б Римдин сыпаттары. Америка менен Европа ачыктан-ачык өздөрүн Рим деп айтат. Ал эми Рим толугу менен колониялизмге, агрессияга, элдерди куугунтуктоого аралашкан империя. 2000 миң жыл мурун Рим өз империясын от жана кылыч менен курган. Азыркы кезде эч нерсе өзгөргөн эмес, Рим кандай болгон болсо, азыр дагы ошол абалда. Качан алар мусулмандардан сокку жегенде, Ислам – согуш дини деп кыйкырып чыгышат. Бир сөз менен айтканда бетпактар менен эки жүздүүлөр.

28