Такыбалыктын беш белгиси...
Азирети Усман (разияллаху анху) айткан:
"Такыбалыктын белгиси бешөө:
- Такыбалар менен мамилелеш болуу;
- Абийирин жана тилин таза сактоо;
- Байлык ашса, башка балээ деп билүү жана дин илимин аз билсе, аны барктай билүү;
- Арамга аралашып калбасын деп, адалды да абайлап жеш;
- Баары жакшы мен жаман, баары буудай мен саман деп ойлоо."