Шашкан шайтан иши бирок...
Хатами Асам (рахматуллахи алейхи) айткан:
"Шашкан шайтан иши, бирок беш нерседе шашуу сүннөт:
- Конок келсе, алдына даам коюууда;
- Өлүктү тезирээк жерге берүүдө;
- Кыз бойго жетсе, турмушка чыгарууда;
- Алган карызды кайтарууда;
- Күнөө кетсе, тобо келтирүүдө."