Айрым такыбалардын дубасы...
Айрым такыбалар Алла Таалага кайрылып мындай деп жалбарган экен:
- Оо Жараткан Эгем! Куру кыял мени алдады;
- Дүйнөкорлук талкалады;
- Шайтан адаштырды;
- Ит напсим ак жолдон тосуп койду;
- Жаман чөйрө күнөөгө көмөктөштү. Эми Өзүң куткара көр мени! Сен ырайым кылбасаң анда мага ким ырайым кылат!?.