ПАЛЕСТИНА ЖАНА ИЗРАИЛЬ КАНТИП ЖАНА КАЧАН БАШТАЛГАН...
Палестина жана Израиль кантип жана качан башталган?
Израиль жана Палестина өтө кыйын абал. Кээ бир инсандар бизде ушундай ойдун туулушуна өтө кызыктар. Изариль тараптан атылган окторду бизге өч алуу, диний талаш-тартышуу катары көрсөтүп жатышат. Палестина тууралу айта турган болсок биз көптөгөн нерселерди көңүлгө алган жокпуз. Иштин башталышын карай турган болсок биринчи дүйнөлүк согуштан башталат.
1916-жыл согуштун кызыган кези, Осмон империясына бул кезде 617 жыл толуп, мына-мына бузулуп кетейин деген кези.
Британия менен Франция арабтарды чогултуп, аларга эгемендүүлүктү жана араб жарым аралынына, Ливанга болгон бийликти убада кылышкан. Бирок арабтар аларга Осмон империясын жок кылууга жардам бериштери керек, келишим ушундай болгон. Ал кезде Ирак, Сирия, Ливан жана Палестина толук Осмон империясынын бийлик астында болгон.
Араптар макулдугун берип, Осмон империясын талкалаганга жардам беришет. Ошентип алар жеңишке жеткенден кийин Британия менен Франциядан убада кылынган жерлерди талап кылышат. Бирок абаптар алардын жашыруун жолугушун билген эмес.
Ушул жолугушууда Осмон империясынын бийлигинин астындагы араб провинциалары Британия менен Франциянын карамагына жана бийлик жүргүзүүсүнө бөлүнүшү чечилген. Натыйжада Британияга Палестина, Иордания жана Ирактын жарымы, ал эми Францияга Турциянын түштүк-чыгыш тарабы, Ливан, Сирия жана түндүк Ирак берилген. Бул келишим “Сайкс-Пико” деп аталган.
Араптар бул чечимди билип алып, таң калып отуруп калышты, алар алданып кетишти. Алар араб эмес башчыларды (Осмон империясынын башчылары) кулатуу үчүн согушуп жатабыз деп, аягында колонизатор, европалык башчыларга ээ болуп калышты.
Кызыктын баардыгы эми башталган. Британия Палестинаны басып алгандан кийин “сионистик кыймыл” дал ошол кезде күч алып, таасир берүүсү күчөй баштайт. Сионистер еврейлердин баардыгы Палестинага көчуп баруусу милдет жана ал жер еврейлерге таандык экенин тастыктоо идеясын ишке ашырып башташат.
1917-жылы Британия ачык түрдө Палестинада еврейлерге улуттук үй түүүсүн айтып, 90% палестиналыктардан турган жерди европалык сионистерге белек кылып берет. Ал кезде Палестинадагы еврейлердин саны 10% дан аз болгон. Качан Британия европалык еврейлерди Палестинага көчүрүү планын ишке ашырып баштаганда, албетте Палестинада Еврейлердин саны өсүп баштап, мисалы 1922-жылдан 1926-жылга чейин алардын саны 27%га өскөн. Еврейлердин санынын өсүүсү дагы көптөгөн жерлерди басып алуу дегенди билдирген.
Бул көрүнүштү көргөн палестиналыктар британиялыктарга нааразылыктарын билдиришкен, бирок эч кандай жооп болбой, еврейлердин көчүрүп келүүсү көбөйө берген. Натыйжада британиялыктар Палестинаны бөлүүнү жана анын араб жашоочуларын өз үйлөрүнөн мажбур түрдө көчүрүүнү сунушташкан. Алардын көз карашында көйгөйдүн чечүү планы ушундай болгон.
Албетте палестиналыктар бул сунушту четке кагып, британиялыктарга каршы көтөрүлүшкө чыгышкан. Көтөрүлүш мыкаачылык менен басылык, миңдеген палестиналыктар өлтүрүлгөн. Бирок муну менен палестиналыктар токтоп калбай өз эгемендүүлүктөрү үчүн күрөшүүнү уланта беришкен. Аягында мындай көрүнүш британиялыктарды тажатканда, 1947-жылы БУУга (ООН) Палестинаны өткөрүп беришкен. БУУ Палестинаны кайра еврейдик жана арабтык кылып экиге бөлүүнү сунуштаган, ал кезде еврейлер Палестинын үчтөн бирин гана түзүп турган, ал еврейлердин көбү бир канча жыл мурун көчүп келген эле. Натыйжада еврейлерге Палестинын 50% жери бөлүнүп берилген. Арабтар бул сунушту кабыл кылбай, сионистер болсо кабыл кылышкан.
Иштин кызыгы сионистер чек араларды тактабай дагы да көбүрөөк жерлерди талап кыла беришкен. Алар еврейдик мамлекет түзүүнү чечип, бирок анын чек арасын так айтышкан жок, максат келечекте өздөрү тактап алышат. 1948-жылдары сионистер чабуулдарды жасап, акырын-акырын миңдеген палестиналыктарды өз үйлөрүнөн кууп, үй-жайсыз калтырып, Британия өз аскерлерин Палестинадан толук чыгарганга чейин колдон келишинче көбүрөөк жерлерин тартып алганга аракет кылышкан.
Британия өз аскерлерин чыгараар күнү сионистер официалдуу түрдө Израиль мамлекети деп жарыялап чыгышты. Бир түндүн ичинде миллиондой палестиналыктар өз жерлеринен айрылып калган. Израиль мамлекети жарыяланган күнү АКШ менен СССР аны эгемендүү мамлекет деп кабыл кылышкан. 1948-жылы 15-майда Палестинанын тарыхында эң кара күндөрдүн бири болгон. Канчалаган палестиналыктар куулуп, үй-жайынан, жанынан, бир туугандарынан айрылышкан. Палестинанын 78% пайыз жери басып алынып, 530 айыл, канчалаган шаарлар талкаланып, 15 миңден көп палестиналыктар өлтүрүлгөн. Ушул күндөн тартып азыркы күнгө чейин 70 жыл аралыкта палестиналыктар зулумдук чегип, өлтүрүлүп, этинкалык тазалоого дуушар болуп, чоң заборлор менен тосулуп, өтө кыйын абалдарды өз баштарынан өткөрүп келүүдө.