Исламский институт имени Расул-Акрама

Абу Бакр Сыддык (رضي الله عنه) айткан:

#

Абу Бакр Сыддык (разияллаху анху) айткан: "Ибадат кылгандар үч түрдүү болот, ар бир түрүнүн үч белгиси бар:

  • Алла Тааладан коркуп ибадат кылуу;
  • Алла Тааладан бир нерсе үмүт этип ибаадат кылуу;
  • Алла Тааланы сүйүп ибаадат кылуу;

Биринчинин белгиси:

  • Өзүн байкуш сезип бой көтөрбөө;
  • Жакшылыгын аз деп сезүү;
  • Жамандыгын көп деп сезүү;

Экинчисинин белгиси:

  • Адамдардын арасында жакшы атка конуп жетекчи болуу;
  • Эл арасында эң жоомарт жана Жаратканга жакын болуп көрүнүү;
  • Эл ичинде обройго ээ болуу;

Үчүнчүсүнүн белгиси:

  • Эң жакшы көргөн нерсесин башкаларга берип, жараткандын ыраазылыгына жетишүү;
  • Кызыкчылыгына кыйгач келип, жалпыга жакпаса да, Жараткандын ыраазылыгына жете турган амалдарды жасай берүү;
  • Кандай кырдаал болсо да, Кудайдын буйругун аткарып, тыйганынан тыйылуу."

55