Исламский институт имени Расул-Акрама

Он нерсени он нерседе десем, башкада экен....

#

Айрым даанышмандар айткан экен: "Он нерсени он нерседе десем, башкада экен:

  • Улуулукту чоңчулукат десем, кичипейилдикте экен;
  • Ибаадатты намазда десем, такыбада экен;
  • Жыргалды байлыкта десем, дүйнөөдөн безүүдө экен;
  • Дилдин нурлуу болушун күндүзгү намазда десем, түнкү намазда экен;
  • Кыямат нуру жоомарттыкта десем, узун күндө орозо кармап суусоодо экен;
  • Кыл көпүрөдөн өтүүнү курмандык чалууда десем, ар дайым садака берүүдө экен;
  • Тозоктон кутулуу күнөөнү таштоодо десем, дүйнөгө кызыгууну таштоодо экен;
  • Алла Тааланы жакшы көрүү дүйнөдө десем, зикирде экен;
  • Эл ичи арасы десем, жалгыздык тынч экен;
  • Көңүл нуру насаат менен Куран окууда десем, ойлонуу менен ыйда экен."

40