Исламский институт имени Расул-Акрама

Пайгамбар шайтандан сураган экен....

#

Ибн Аббас (разияллаху анху) айткан: "Пайгамбар алейхис салам бир күнү шайтандан сураган экен:

- Менин үммөтүмдөн өзүңө жакын досторуң барбы? - дегенде, ал айтыптыр:

Он түрдүү адам менин досторум:

  • Заалым падыша;
  • Текебер киши;
  • Арам менен иши болбостон байлык топтогон киши;
  • Бийликтегилердин туура эмес иштерин көрүп туруп, аны колдогон аалым;
  • Кыянатчы соодагер;
  • Эл муктаж болгон азык оокатты арзан алып, кымбаттаганда сатам деп, сактаган киши;
  • Зынаакор;
  • Сүткор;
  • Сараң;
  • Араккеч;

Анда Пайгамбар алейхис салам:

- Душмандарың кимдер? - дегенде, шайтан:

- Душмандарым мына булар дептир:

  • Биринчи өзүңсүң, анан илимине амал кылган молдо;
  • Куран окуп ага амал кылган адам;
  • Беш маал намазга азан айткан азанчы;
  • Жакыр-жардыларга, жетим-жесирлерге жардамдашкан адам;
  • Боорукер, чынчыл, жаш болсо да ибадатка берилген адам;
  • Кудай үчүн бир-бири менен достошкндор;
  • Жамаат менен намаз окуганга кызыккандар;
  • Түндө тахажжуд намазын окугандар;
  • Арамдан алыс болгон, элге насаат айтып, алардын оңолушуна дуба кылгандар;
  • Дайым дараат менен жүргөн, мүнөзү жакшы, тагдырга баш ийген, өлүмгө даяр жүргөн адамдар."

47