Исламский институт имени Расул-Акрама

"Бидаат" туурасында тегерек стол

#

Бүгүн "Расул Акрам" Ислам институтунда "Бидаат" деген эмне? жана ал тууралу окуу жайдын студенттерине Курбанов Женишбек устаз өз илим - билими менен бөлүштүү. Студенттер темага байланыштуу суроолорду берип, жыйында кызуу талкуулар болду

25.02.2023

"Бидаат" деген сөз - "жаңы нерсени ойлоп табуу", "пайда кылуу", "жаратуу" деген маанилерди берет. Шариаттагы терминдик мааниси: Куран жана хадисте айтылбаган амалды, шариат атынан аткаруу. Бидаат эки түрдүү болот: жакшы бидаат жана жаман бидаат. Жакшы бидаат - куран менен хадиске жана алар камтыган нерселерге каршы келбеген амалдар, мисалы: мавлид, таравих намазынын жыйырма рекет окулушу ж.б. 

Жаман бидаат: куран менен хадиске жана алар камтыган нерселерге карама-каршы келген амалдар, мисалы: орозо айын башка айга жылдыруу, заманды ээрчип ислам кээ бир өкүмдөрүнө көз жумуу, исламды азыркы замандын талаптарына ылайыкташтыруу ж.б.

Куран менен хадисте айтылбаган амалды аткарып койүү кескин түрдө жаман бидааттын катарына киргизүү туура эмес, ток этери куран менен хадиске түз жана алардын маанисине каршы келбөөсү зарыл.

56