Кээде дүйнө аалымдан бет буруп, нааданга кайрылат, байытат жана....
اعلم ان الدنيا ربما اقبلت على الجاهل بالاتفاق و أدبرت عن العالم بالاستحقاق, فان اتاك منها مهمة مع جهل او فاتك منها بغية مع عقل فلا يحملنك ذلك على الرغبة في الجهل فدولة الجاهل من الممكنات و دولة العاقل من الواجبات و ليس من امكنه شيء في ذاته كمن استوجبه بادبه و الته و أيضا فدولة الجاهل كالغريب الذي يحن الى النقلة و دولة العاقل كالنسيب المتمكن الوصلة
Билип ал! Кээде дүйнө нааданга бет алып, аалымадан жүз үйүрөт. Эгер сага дүйнөдөн наадандык менен маанилүү иш келсе же акыл менен сенден каалап турган нерсең кетип калса, бул нерсе сени наадандыкка умтулууга түртпөсүн. Наадандын дөөлөтү келип кетүүчү, бирде бар, бирде жок. Акылдуунун дөөлөтү жок болбойт эч качан. Бирде барга бирде жокко мүмкүнчүлүгү бар инсан, адеби жана аспабы менен сөзсүз барга жете турган инсандай эмес. Наадан жоголуп кеткен жүгүн эңсеп жүргөн жолоочу сымал, ал эми акылдуу тукуму улана турган ак сөөк сымал.
(Бул сөздөрдүн негизги максаты: Дүйнө нааданга бет алып, байытса, ал эми аалымдан бет буруп, кедей бойдон калтырса, буга алданбаш керек. Дүйнө илимдин баалулугун түшүрүп, наадандыкты баалу кыла турган нерсе эмес.)