Расул Акрам Ислам институтунда акыйда тууралу жыйын...

Бүгүн Расул Акрам Ислам институтунда туура эмес ишенимдерден сактануу, аларга каршы чыгуу туурасында жыйын өттү. Муфтияттын аалымдар кеңешинин мүчөсү Устаз Эмиль Андартегин келип, студенттерге Ханафи жана Матуриди багытында лекция окуп, суроо-жооп өткөрдү. Ошондой эле жыйында институттун мугалимдери да жигердүү катышты.
