Бак тигүү иш чарасы
Расул Акрам Ислам институтуна белгилүү багбан Абдулла Ташиевич келип, окуу жайдын студенттерине бак тигүү темасында лекция өтүп, суроолорго жооп берди. Жыйынга студенттерден сырткары кээ бир мугалимдер дагы катышты. Эске сала кетсек, Абдулла Ташиевия интернет аркылуу жергиликтүү багбандар менен тажрыйба бөлүшүп, аларга кеп-кеңешин берип келет. "Бак даават" аттуу долбору менен да аймактагы багбандарды кыдырып, окутууларды жүргүзгөн.
