Исламский институт имени Расул-Акрама

Ибрахим ибн Адхам суроого мындай жооп берген:

#

Ибрахим ибн Адхамдан рахимахулла: "Чыныгы такыбалыкты (зухд) кантип таптың?" - деп сурашканда, ал минтип жооп берген:

Үч нерсе аркылуу таптым:

- Үрөйдү учурган кабырда шериксиз жалгыз калаарымды сездим.

- Акырет жолдун алыстыгын, ага жетээр азыктын аздыгын сездим.

- Алла Тааланын сотуна тартылаарымды, андан кутулганга шылтоомдун жоктугун туйдум.

63