Жамандан жаман төрт нерсе
Айрым даанышмандар айткан экен:
"Жамандан жаман төрт нерсе бар:
1 - Жаштардын күнөө иш кылганы жаман, ал эми аксакалдардыкы андан да жаман.
2 - Наадандын дүйнөкор болгону жаман, бирок молдонун дүйнөкорлугу андан да жаман.
3 - Адамдардын ибадатка жалкоолугу жаман, бирок илимдүүлөр менен илим издегендердики андан да жаман.
4 - Байлардын текеберденүүсү жаман, бирок кембагалдын текеберденүүсү мынданда жаман."