Расул-Акрам ислам институту

Мусулманды каапырга чыгаруу

#

Мусулмандарды капырга чыгаруу -  мамлекетиздин коопсуздугуна коркунуч туудурат!

        Азыркы мусулмандар жашаган мамлекеттердин көпчүлүгүндө коомчулукта чыңалууну жаратып, ортого бүлүк салган диний агымдар көбөйүүдө. Мына ошол мамлекеттердин арасында биздин өлкөбүздө да тымызын иш алып барып, акырындык менен көбөйүп жаткан адашкан топтор да жок эмес. Мына ошондуктан акыйда маселелеринде биздин салттуу Матрудия акыйдасына төп келбеген, деги эле табияты таза адам кабыл албаган тайкы түшүнүктөр менен суугарылган топтордун кооптуулугу жөнүндө сөз кылабыз.

        Анда сөз башынан болсун, булардын эң кооптуу түшүнүктөрүнөн бири - "мен мусулманмын" - деп, Аллахтын бар экендигине, жалгыздыгына ишенип, пайгамбарыбыздын (саллаху алейхи ва саллам) пайгамбарлыгына ынанып, анан да ошол сөзүнөн кайтпай, ишенимине каршы чыкпаган мусулмандарды "силер намаз окубайсыңар, түздөн-түз Кудайдан сурабай, ортомчу аркылуу сурап, Аллахка шерик кошуп, капыр болдуңар!" - деген сөздөрү. Анан да ушул сыяктуу жүйөсүз, тар жана тайкы билимдери менен элдин кол тийгис мал-мүлкүн өздөрүнө мыйзамсыз адалдаштырып, мыкаачылык кылып, мамлекеттин коопсуздугуна да залакасын тийгизбей койбойт! Мындай кооптуу түшүнүктөгү топтор эгер саны көбөйүп, бардык жагынан колдоо таап калышса, мамлекеттин бүтүндүгүнө аябагандай чоң коркунуч туулат. Муну менен эле токтоп кылышпай, акылдын да, шарияттын да принциптерине туура келбеген эрежелер менен "бийликти капырлардан тазалоо керек" деген ураан менен бийлик менен согушуп, күнөөсүз адамдардын канын төгүүгө да барышат. Бул сөзүбүзгө ишенбей: "Кой, апыртуунун да чеги бар!" дегендер да чыгышат. Мына ошондуктан сөзүбүз куру болбосун үчүн бул кооптуу түшүнүктүн тарыхта кандай натыйжа бергенин тастыктай кетели. Мусулмандарды капырга чыгаруу, башкача айтканда "такфиризимдин"   башталышы Алинин (Жараткан ага ыраазы болсун) доорунда харижиттер ага каршы көтөрүлүш кылышып, аларга кошулуп, Алиге каршы чыкпагандарды мусулман экендигине карабастан, четинен капыр деп жар салышып, алардын мал-мүлкүн тартып алуу, канын төгүү адал деп эсептешкен, исламдагы эң биринчи бөлүнүп чыккан агым да  дал ушул ушул-такфиризм агымы болгон.

        Мына ошентип, харижиттер тайыз түшүнүктөрү менен мусулмандардын биримдигин бузушуп, акылдын чегинен чыгып, напси каалоолоруна кул болушуп, шарияттын мыйзамдарын тайыз акылдары менен туура эмес түшүнүшүп, чыныгы Жараткан Кудайдын мыйзамына каршы чыгышып, мусулмандарды капыр деп, мусулмандардын  канын төгүшкөн.

         Эми мындай окуя биздин өлкөбүздө болбойт деп айта албайбыз, анткени реалдуулукка көз чаптырып көрсөк, дин ишмердүүлүгү күндөн күнгө өсүп, диний чөйрөдө түрдүү топтор, жамааттар көбөйүп жатышат. Булардын ислам дининдеги өкүмдөрдү туура баамдаганы да, жеке кызыкчылыктарына пайдаланып, туура эмес чечмелегени да жок эмес!

         Белгилей кетсек, ислам дини мусулмандыгын ачыкка чыгарган адамды капырга чыгаруу  - туура ишенимге таптакыр дал келбейт, - деп айтат. Муну биздин салттуу Ханафий жана Матрудия мектептериндеги диний аалымдар да баса белгилеп келишет. Биздин салттуу динибиз боюнча чоң күнөө кылгандар кылган иштерин адал деп айтпаса эле, ал капыр болуп кетпейт. Анткени Матрудия акыйдасыда динде адам баласы буйрулган же тыйылган иштерге амал кылуусу - ыймандын шарты эмес. Мына ошондуктан мусулман адам кылган иштери үчүн күнөөкөр болсо деле аны мусулман бойдон кала берет дейбиз.

         Харижиттер сыяктуу туура жолдон тайган, дининдеги амалдарды ыймандын шарты дешип, амал кылышпаган мусулмандарды динден чыгарышып, аларга каршы согуш жарыялоочу жана алардын канын төгүүгө аракет кылган топтордун, кооптуу жамааттардын тайыз жана кооптуу түшүнүктөрүнөн арылып, мамлекетибиздин келечегин, коопсуздугун сактоо үчүн эмне кылышыбыз керек?

        Анда эмесе, мындайлардан арылуунун бир нече ыкмаларын айта кетели!

  • Муфтият кылымдар бою ата-бабаларыбыз карманган салтуу Ханафий жана Матрудия мектептерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, Матрудия акыйдасын терең окуп өздөштүргөн, башка мамлекеттердин салтын көтөрүп келбеген, адашкан топтордон таасирленбеген мыкты адистерди тандап, аларга бардык имамдарды окутуу иш-чараларын сапаттуу деңгээлде өткөрүүсү үчүн толук шарттарды түзүп берүүсү керек.
  • Өлкөбүздөгү бардык диний окуу жайлардын окутуу боюнча программаларын акылга жана шариятка ыкталган салттуу Ханифий жана Матрудия мектептерине ылайкташтырып, окуу куралдарын текшерип туруусу керек. Бир эле окуу куралдары менен эле чектелбестен, диний мугалимдердин билим алуу тарыхын жана алардын устаттарын (устаздарын) тактап билүүсү керек. Буга муфтияттын алы жетпесе, мамлекет жардам берүүсү керек. Анткени коомдун тынчтыгы - мамлекетибиздин тынчтыгы.
  • Азыркы учурда салттуу динибиз боюнча кыргыз тилинде маалыматтын жетиштүү деңгээлде жоктугунан жаштар интернет желесинде чет тилдеги кооптуу маалыматтарды баамдоого диний маалыматы жетпегендигинен туура-катасына карабай, өздөрүнө сиңирип жатышат. Мына ошондуктан диний коопсуздукту камсыздоочулар интернет желесине да туура маалыматтарды жетиштүү деңгээлде жазып чыгарууга жана аларды көзөмөлдөөгө илим-билими жеткен адистерди дайындоо керек.
  • Биз жогоруда айтып өткөн мыкты адистерге мамлекеттик окуу жайларда да адашкан диний агымдар жөнүндө ар ай сайын лекция окуп, сабак өтүп өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек. Мунун баары мамлекетибиздин келечеги, коопсузду жана жаштар адашкан агымдарга азгырылып кетишпеси үчүн жасалуучу  иш-аракет. Негизинен мамлекеттик мектептерде 7-11- класста окуган окуучуларга ушундай сабактар коюлса, өлкөбүздүн жеңиши болмок.

       Мына ушундай иш аракеттердин себебинен диний чөйрөнү туруктуу абалга келтирип, жаштарды адашкан топтордун торуна түшүп калуусунан сактап жана өлкөбүзгө коркунуч туудурган туура эмес диний түшүнүктөрдүн алдын алууга болот жана али кеч боло элек.

80