Жараткан Кудайдын жападан-жалгыз экенин акыл да тастыктайт
Жараткан Кудайдын жападан-жалгыз экенин акыл да тастыктайт
Акыл менен талдап караганда бир нече кудайлар болгондо, анда бул ааламдын бар болуусу да алардын макулдугу менен гана болмок. Бирок мунун өзү өкүмдарлыкка карама-каршы келет. Мунун дагы бир түшүндүрмөсү төмөнүчө:
Биз жөн гана эки кудай бар деп элестетсек, анан бирөөсү кимдир бирөөнү же кандайдыр бир жанды өлтүрүүнү кааласа, экинчиси тирүү калтырууну каалайт. Мындан да тагыраак, түшүнүктүрөөк айтканда, бирөөсү денелүү нерсени кыймылга келтирүүнү кааласа, экинчиси кыймылсыз абалда туруусун каалайт. Мындан үч гана натыйжа чыгат.
- Экөөнүн тең каалоосу орундалуусу керек. Бирок мындай болуусу мүмкүн эмес. Анткени эч ким, эч бир нерсе бир убакытта тирүү да, жансыз (өлүк) да боло албайт. Ошондой эле кыймыл жана кыймылсыздык бир учурда бир нерседе бирге чогулбайт. Бул маселеде кандайдыр бир нерседе же кимдир бирөөдө бир эле учурда тирүүлүк да, жансыздык да, кыймыл да, кыймылсыздык да чогулуп жатат. Бул акылдын жана шарияттын таразасына туура келбейт!
- Экөөсүн тең каалоосу орундалбайт. Бул алардын экөөндө тең алсыздык жана кемчилдик бар экенинен кабар берет. Мындай нерсенин да болуусу мүмкүн эмес. Анткени кимдир бирөө түрүү же жансыз болуусу керек. Ошондой эле денелүү (телосу бар) нерсе да же кыймылдуу же кыймылсыз болот. Башкача айтканда бул маселеде эки нерсенин бирөөсү да табылбай жатат, адам жандуу да, жансыз да болбой калды, кыймыл да кыймылсыздык да жок. Демек, экөө тең кудай эмес, анткени чыныгы Кудайдын каалоосу орундалат.
- Экөөнөн бирөөсүнүн гана каалоосу орундалат. Каалоосу орундалганы - Чыныгы Кудай. Каалоосу орундалбай калганы - кудай эмес. Анткени анын каршылашынын каалоосу орундалбай, анан Чыныгы Кудайга баш ийип, анын алсыздыгы, кудай эместиги белгилүү болду.
Жараткан Кудай төмөнкү аяттарда мындай дейт:
Эгерде асмандар менен жерде Аллахтан башка кудайлар болгондо, анда (жер-асман, андагы бир калыптагы мыйзам, жашоо) талкаланып кетер эле. [Анбия сүрөөсү, 22-аят].
Эгерде Аны (Аллах) менен бирге алар айткандай башка кудайлар болгондо, анда алар Арштын ээсине (баш ийүүгө, сыйынууга) катуу умтулушмак. (Аяттын дагы бир мааниси: эгер алар айткандай Аллахтан башка кудайлар болгондо, Жараткан Аллах жартылышты, болмушту жаратып, өзүнүн Кудайлыгын ачыктагандай, алар да ачыктамак).
Эгер биз кайра эле эки кудай бар деп айтсак, анда ар бири бири-бирине көз карандысыз, башка башка жаратылышты жаратышып, экөөнүн жараткандары бири-биринен айырмаланып турушмак. Бирок биз реалдуулукта бардык жаралган нерселердин ортосунда түздөн-түз өз ара байланыш бар экенин көрүп жатабыз. Анан да алар баары абдан кылдат тең салмактуулук жана толук ырааттуулук менен болгон башкаруунун күчү аркылуу жүрүп жатат. Муну баары Жаратуучусу, Ээси жана Башкаруучусу Жалгыз экенин далилдеп жатышат. Ал- Жараткан Аллах!
Бардык жаратылган нерселердин өз ара тыгыз байланышуусу төмөнкүчө:
Инсан жана бардык жаныбарлардын жерден өсүп чыккан нерселер менен азыктануусу, өсүмдүктөр шамалдын согуусу аркылуу булуттарды жылдырып, асмандан жаадырылган жаан менен азыктануусу, күн менен ай өз орбиталарында (асмандагы нерселердин мейкиндиктеги жолу) белгиленген тартипте жүрүүсү, айлануусу жана күн менен ай мөмө-жемиштердин мол болуусуна, күн менен түндүн, мезгилдин алмашуусуна, айларды жана жылдарды айырмалоодо көп пайдасы тийгендигинде.
Бардык жаныбарлар, өсүмдүктөр жер-асман, булуттар, шамал, күн, ай, түн жана күндүздүн бири-бири менен тыгыз байланышуусуна терең ой калчап көңүл бурсаң, сага булардын баары Жалгыз жана баарына Үстөмдүк кылган Жараткан Аллахка баш ийишкендиги даана көрүнөт.
Дагы да тактап кетсек, бир шаарда эки башчы болуусу мүмкүн эмес. Бул ааламдын, болмуштун иреттүүлүгү, андагы өз ара тыгыз байланышы жагынан бир шаарга окшош болгондон кийин анын бир гана Башчысы болуусу керек. Болгондо да ал-Жараткан Аллах!
Мына ушундай акылга негизделген критерийлер менен Жараткан Кудайдын жападан-жалгыз экендиги тастыкталды.