Кудайды тастыктаган төрт суроо
Кудайды тастыктаган төрт суроо
Ар бир жер бетиндеги адам баласы, айырмасы жок кайсы улуттан жана кайсы динден, айланада болуп жаткан кубулуштарды, кун айдын кирип чыгышын ж.б.у.с ааламдын кыймылын тастыктайт. Ушул кубулуштар Кудайдын бар экендигине түздөн-түз көрсөтүп турса дагы, кээ бир инсандар бул аалам Кудайдын иши эмес деп баш тартууда. Бирок бул ааламда бир канча закон чемендүүлүктөр бар, аларды адамдардын баардыгы мойнуна алат. Ошол мыйзамдардын бири: себеп жана натыйжа, башкача айтканда ар бир нерсенин пайда болуу себеби бар, ар бир нерсе же башка нерсеге себеп болот же башка нерсенин натыйжасы болот. Биз кандайдыр бир нерсени көңүлгө алып, өз ордунда туура суроолорду койсок, айтылган жооп Кудайдын бар экендигине жеткирет. Ошол суроолордун эң белгилүү төрт суроо деп аталат, алар төмөкү суроолор:
- Ал эмне?
- Ал барбы?
- Кандай ал?
- Ал эмне үчүн бар?
Мисал катары ааламды алсак:
- Ал эмне?: Айланада бизди курчап, көзгө көрүнгөн нерселер (жалпылай алганда).
- Ал барбы?: Албетте бар, биздин сырткы сезимдерибиз ааламдын бар экенине күбө.
- Кандай ал?: Дайыма өзгөрүүдө болуп, жок болуп кетүүгө жөндөмдүү – деп айтса болот.
- Ал эмне үчүн бар?: Акылга сыйбаган Күч, Кудай себепчи болуп жараткан. Жалпы адамзаттын ишенимине ылайык аалам чоң жарылуу теориясынан пайда болгон. Албетте бул теория Кудайдын бар экендигине эч кандай зыян жеткире албайт. Анткени биз ааламдын башталышын Кудайга чектебесек, чоң жаруу кайдан пайда болду? Эмне себептен пайда болду? Деген аягы жок суроолордун чынжыры улана берет.
Бизди курчап турган, мыкты түзүлүштөгү, бир тартипке жүрүп бара жаткан жана так мыйзамдарга баш ийген ааламдын өзүдөн өзү пайда болуусу акылга сыйбайт. Күнүмдүк жашоодо жөнөкөй үй куруучусуз курулуп калуусу мүкүн эмес иштерден болуп саналат, анан бул чексиз аалам кантип өзүдөн өзү пайда боллсун???