Расул-Акрам ислам институту

Жаратуучу орунга муктаж эмес

#

Жараткан Кудай орунга муктаж эмес!

 

          Биз матрудия акыйдасын туткандар "Жараткан Кудай эч бир орунга жана Аршка да муктаж эмес!", - дейбиз. Ал эми өздөрүн салафий деп атагандар Жараткан Кудайдын Аршта экенин айтышып, "Ал орунга муктаж эмес", - дегендерге:

  • "Силер аятты маанисин четке кагып капыр болдуңар", - деп айткандары да жок эмес.

       Анда эмесе, биз "Жараткан Кудай Аршта", - дегендерге бир нече суроолорду берип, алардын пикирлери туура эмес жана кооптуу экенин баяндап берели.

       Алгач Жараткан Кудай орунга муктаж эмес экендиги жөнүндө сөз кылалы! Негизи өзү орунга чектелген адам орунга муктаж эмес Заттын орунга муктаж эместигин түшүнүүсү өтө оор маселе.

       Бул акыйкатты төмөнкүчө түшүндүрсөк болот:

  • Алардан Жараткан Кудай Аллах эзелкиби? Башка айтканда, Анын башталышы жок, түбөлүктүү затпы?, - деп суроо узатсак, алар:
  • Ооба, Анын башталышы жок, түбөлүктүү зат, - деп жооп беришет.

       Жараткан Кудай кийин пайда болбогонун жана башка бирөө тараптан жаратылбаганын моюндаган соң, алардан:

  • Макул, анда материалдуу нерселер эзелкиби?, - деп сурайбыз.

       Алар:

  • "Материалдуу нерселер эзелки эмес!", - деп, аларды Кудай жаратып, кийин пайда болгонун айтышат.

      Мына ушул жерге чейин биздин пикирлерибиз төп келет: Жараткан Кудайдын эзелкилиги жана материалдуу нерселердин кийин жаратылгандыгы.

      Эми аларга эң маанилүү суроону берсек, Аллах эзелки, материалдуу нерселер эзелки эмес экендигинин негизинде Аллах материалдуу нерселер жаратыла элек учурда кайда эле? Кантип жооп беришет?

     Алар мынтип айтышмак:

  • "Жараткан Кудай орунга муктаж эмес", - деп, Анын аруулугун моюнга алышмак (таанышмак) же Кудайдын мекени бар деп, туура жолдон адашышат. Мына ошондо, алар ошол орундун кийин жаралганына карабастан, анын да эзелки экендигин кабыл алууга аргасыз болушат. Анткени эзелки болгон зат кийин пайда болгон бир орунга муктаж болуусу мүмкүн эмес. Эзелки болгон зат же орундан аруу болуусу керек же орун, материалдуу нерселер да эзелки болуусу керек. Мунун башка жолу жок!

     Эми, Жараткан Кудайды Аршта болгондугун кабыл алгандарга суроо:

  • Арш эзелкиби же кийин пайда болгонбу? Же мындай деп сурасак да болот:
  • Аршты Кудай жараттыбы же эзелтеден эле барбы?

     Кандай болгон чакта да, алардын жообу "Аршты Кудай жараткан", - деген сөздөн ашыкча болбойт. Акыры барып Аллах эзелки, Арш болсо кийин пайда болгон деген түшүнүктү кабыл алышат.

     Эми, экинчи суроону беребиз:

  • Жараткан Кудай Аршты жаратуудан мурда кайсыл жерде эле? Тактап айтканда, Арш, материалдуу нерселер, кыскасын айтканда, эч бир нерсе жаратыла элек кез деп элестетиниз!  Эми, Арш жаратыла элек кезде Аллах кайсыл жерде эле?

     Кана, жооп бергилечи?!

Жараткан Кудай Аршта деп айтасыңарбы? Андай дейин десеңер, Арш али жаратыла элек, Аллах ушул жерде деп айта албайсыңар, Анткени материалдуу нерселер да жок эле. Эми мынтип айтуудан башка аргаңар жок:

  • Жараткан Кудай эч бир жерде эмес. Ал орундан аруу!, - деп айтасыңар же арш жана материалдуу нерселер эзелки деп кабыл аласыңар, башка жолуңар жок!

    Аршка жана материалдуу нерселерге "эзелки" деген сыпатты бере албайсыңар, анткени эзелкилик Жараткан Кудайга гана таандык!

    Негизи илимий айтыштын башында "Аршты Жараткан Кудай жараткан", - деп кабыл алдыңар. Силердин ушундай деп кабыл алгандыгыңар силерди орундан аруу болгон Аллахка багыттап жатат.

    Эми, силер дагы деле Жараткан Кудай аршта деп айтасызбы?

    Орундан аруу болгон Зат жаратылышты жараткандан кийин кантип эле орунга байланып калсын!? Жаратуучунун сыпаттарында өзгөрүү болбойт. Силер туура эмес ишенимиңер менен "Жараткан Кудай өзгөрөт" деген түшүнүктү кабыл алууга аргасыз болосуңар. Муну кантип кабыл аласыңар? Анан да, ошол туура эмес, тайкы ишенимиңер менен эзелки болгон Жараткан Кудайды "кийин пайда болгон", - деп, Аны Аршка муктаж кылып койгондой болосуңар!

   Эзелки болгон Зат Өзү жараткан нерсеге муктаж болобу? Бул эмне деген туура эмес түшүнүк?! Силер муну баамдап жатасыңарбы?

   

     Жараткан Кудай туура жолдон адаштырбасын!

52