Расул-Акрам ислам институту

Абдуль Кадыр Гилани

#

Абдулкадыр Гилани

Шейх Абдулкадыр Гилани Алла Таала ырайымына алсын, бир күнү шакирттери менен Багдаддын эски көчөлөрүнөн өтүп бара жаткандыгы тууралуу айтылат. Алар эски жана кир кийимчен, аянычтуу көз караштагы мас адамдын жанынан өтүп калышат.

Мас адам шейхке кайрылып: Оо, Абдулкадыр,Аллах Таала Кудуреттүү Затпы же жокпу? – деп сураганда,  Шейх күлүп: Ооба, албетте Кудуреттүү зат деп жооп берет.

Экинчи жолу мас киши: Эй Абдулкадыр, Аллах Таала Кудуреттүү Затпы же жокпу?-деп кайра сурайт.Шейх күлүп: Ооба, албетте  ал Кудуреттүү Зат деп жооп берет.

Мас адам үчүнчү жолу кайра сурайт: Эй Абдулкадыр, Аллах Таала Кудуреттүү Затпы же жокпу?. Абдулкадыр Гилани жерге олтуруп колун көтөрүп ыйлаган абалда: Аллах Кудуреттүү, Кудуреттүү, Кудуреттүү баардык нерсени кыла алат деп үч суроосуна үч жолу жообун кайталайт.

Анан Шейх шакирттерине ошол аракечти жуунтуп, урматтап, жакшы мамиле кылууну буйруйт.Шакирттери шейхтин ишине таң калып, мас адамдын айткан сөзүн маанисин сурашат.

Шейх, мас адам  менен болгон маекти  шакирттерине төмөнкүдөй баяндайт.Ал биринчи жолу,Алла Таала мага тообо бере алабы же жокпу деди? Мен, ооба бере алат дедим.

 Экинчи жолу айтты: Аллах мени сенин ордуңа коё алабы же жокпу деди эле, мен ооба аны дагы кыла алат дедим.

Үчүнчү жолу айтты: Аллах  сени менин ордума коё алабы же жокпу деп сураганда, мен Аллахтан коркуп ыйлап: Ооба, коё алат ал Кудуреттүү, Кудуреттүү, Кудуреттүү, Кадыр Зат дедим.

 Анан мен сажда кылдым жана Роббимден мени күтүлбөгөн азабынан сактоосун (каапырлыкка түшүп калбашым үчүн) жана ага ден соолук, берекелүү өмүр жана бекем ыйман сурадым.

68