Расул-Акрам ислам институту

Батыш таануу

#

Батыштануу керекпи?

Мусулмандар батышты, анын саясатын жан баалулуктарын жакшы тааныбайт. Кээ бир инсандар аларды таануну тыят. Мусулмандардын батышты тааныбагандыгы алар (батыш) үчүн ислам менен күрөшүүгө жардамчы катары болот. 

Кээ бир мусулмандар айрым хадистерге таянып мусулман эмес адамдардын жашоосун, идеологиясын, жашоо системаларын изилдөөнү тыйып “ал каапырдын ишеними, бизге анын кереги жок” деген сөздөр айтылат.

Мисалы: философия илимдери, либерализм, социализм, капитализм ж.б.

 Негизиги тыя турган нерсе алардын жашоо мыйзамдарын, ишенимдерин кабыл алуу жана аны менен жашоо болуп саналат. Момун мусулман көз-кулагын сырткы дүйнөдөн жаап жашабашы зарыл.

Көпчүлүк мусулмандар өз ишенимдерин сактоо максатында ушундай тыюууларга барышат. Мындай көрүнүштө терс тараптары көп. Анткени исламга конфронтация кылгандар өздөрүнүн ишенимдерин, баалулуктарын шариатка киргизгенде, мусулмандар ал нерселерден кабарсыз болуп, кабыл кылган учурлар кездешүүдө. Мисалы азыркы учурда мусулмандарга капитализм, либерализм жана феминизм сыяктуу батыш баалулуктары каттуу таасир этүүдө. Мусулмандардын көбү бул системалардын негизин, пайдасын, зыянын, ким ойлоп тапкан ж.б тараптарын билишпейт, ошондуктан буларды кабыл алуу оңой иш. Шариаттан сырткаркы системаларды билбөө, ислам жана исламдык эмес системаларды салыштырып, алардан сактануу чарасынан мусулмандарды куру калтырат.

Акындардын бири айткан:

عرفت الشر لا للشر لكن لتوقيه     و من لا يعرف الشرمن الناس وقع فيه

Жамандыкты тааныдым жамандык үчүн эмес, балки андан сактаныш үчүн.

Адамдардын кимиси жамандыкты тааныбаса, жамандыкка кабылат

Мусулман эместер мындай иш чараларда бизден бир нече кылым алдыга жылып кетишкен. Алар исламды изилдеп, өздөрүнүкү менен салыштырып, исламдан керектүү нерселерди алып, мусулмандарды алсыратып, бир топ ийгиликке жетишишкен. Батыштын эң оорчундуу жамандыгы, мусулмандарды бөлүү болгон жана бул максаттары ишке ашты деп айтууга болот, буга тарых күбөө.

Ээгерде биз өзүбүздү ар кайсы маалыматтардан аруу алып жүрсөк, исламды жана мусулман коомчулугун реалдуу жашоодон тосуп, исламдык эмес мыйзамдардын алдында утулууга алып келебиз.

Мисалы алдыңкы кылымдарда мусулман эместер ислам дүйнөсүнө активдүү колонизация жүргүзүштү. Ушул проектин алкагында батышта бир канча изилдөө борборлору ачылган. Ошентип чыгыш-таанууже батыш-таануу деген илимде бир бутак пайда болгон. Кошуп кетчү нерсе азыркы учурда Англияда Лондондук университетте мурдагыдай эле чыгышты жана ислам укугун изилдөө борборлору бар.

Батыштын востоковеддери, ислам таануучулары исламды кабыл алуу үчүн изилдеген жери жок. Мунун максаты илам орногон жерлерди оңой башкаруу, жеңил басып алуу ж.б болгон. Мисалы СССРдин кулашына чейин батышта “советология” деген илимий багыт болгон. Натыйжада алардын максаты ишке ашты. Тарыхка кайрыла турган болсок, батыштын ислам дүйнөсүнө кылган жоортулу ийгиликтүү ишке ашкан деп бизге тастыктап берет. Анткени аларда илимий багыт болгон.

Тилекке каршы ислам азыркы учурда батыштын “чыгыш таануусуна” каршы жана конкурент болгон көрүнүктүү противовес койгон эмес. Бул нерсе исламды системный конкуренцияда бир топ артка тартат.

Чынгызхандын жоортулунан кийин ислам дүйнөсү “изоляционизм” позициясын карманып, дүйнөдө болуп жаткан тарыхый окуялардан, илимий ачылыштардан ж.б маанилүү нерселерден өзүн четте кармап жургөн. Шариат илимдеринин категориясына кирбеген философия, психология ж.б илимдерден көпчүлүкмусулмандар баш тарткан. Башка сөз менен айтканда мусулмандар интелектуалдуу застойдо болушкан.

Исламдын алтын доору бүткөндөн кийин жана изоляционизм доору башталганда, шариат илимий чөрөсү бир гана агымдардын талаш-тартышына багытталып, тар чөйрөдө калып кеткен. Сырттагы жаңы пайда болгон нерселерге мусулмандар жооп бере алган эмес. Исламда негизи баардык суроого жооп бар албетте, бирок ал жооп издеп таба турган өз адамы керек. Кызык окуя, жүз жыл мурун Саудияда биринчи жолу радио пайда болгондо, ааымдар радиону тегеретип алып сааттап куран окушкан. Алардын ою боюнча радионун ичинде жин отурган болчу. Бирок мусулмандар ар дайым мындай даражада болгон эмес.

Ислам илимий чөйрөсү миң жыл мурун азыркыдан кординалдуу айырмаланып турган. Ал учурдагы аалымдар дүйнө жүзүндөгү каапыр интелектуалдары (азыркы тил менен лаурент ноболевской премии) менен ар кайсы илимий тармакта талаш жүргүзүп жеңип келгени бизге маалым. Имам Газалини мисал катары ала турган болсок, азыркы учурда социум кудай даражасына жеткирген физика илими Имам Газалинин жазган эмгектеринин төрттөн бирине гана жеткен. Илгерки ислам аалымдары бир гана диний окумуштуу болбостон, дүйнөлүк илимдер боюнча дагы окумуштуу болушкан. Мисалы ханафи мазхабынын эң белгилүү “мухтасар” китебинин автору Убайдулло ибн Масуд ибн Тааж аш-Шариа факих, теолог, филолог, логика илиминин окумуштуусу, философ, астроном, табият илиминин окумуштуусу болуп, убакыт жана мейкиндик тууралу кээ бир теориясы болгон.

69