Жөөт аалымынын болжолу
Жөөт раввининин божомолу
Жөөт раввини (Тора жана Талмуд китебин түшүндүрүүчүсү) Түркиядагы жер титирөөнү «Кудайдын адилеттиги» деп атап, кубанычын билдирген.Анткени,ал жер титирөөнү Израил жөөттөрүнүн душмандарынын жазасы деп эсептейт.
Эгер биз Алла Тааланын бар экенине ишенсек, табигый апаттарды Кудайдын азабынын белгиси деп айтпайбыз.Балким бул Кудайдын сыноосу деп кабыл алабыз.Мындан тышкары,тигил же бул иштин жазасы сөзсүз болот деп, Кудайдын максатын божомолдоп айтууну токтотуш керек.Качан Алланын максатын билдире турган кабарчы болмоюнча.
Кудайдын максаттарын божомолдоп айтуу, кээде адамдардын бейкалыс ойлорун чагылдырат. Бир адамды, бир урууну, же бир тайпаны жактырбасак алардын башына түшкөн ар кандай кыйынчылыкты жаза жана адилеттүүлүк деп эсептейбиз.Эгер ал кыйынчылык бизге же уруубузга же тайпабызга түшсө, аны башкача чечмелейбиз. Расалык үстөмдүккө ишенген жана расист, бул Раввин душмандарын Алла Таала жазалайт деп ойлойт.
Бирок Кудайга ишенген адам тигил же бул жер титирөө жана табигый апаттар тигил же бул күнөөнүн жайылышынан улам болду деп айта албайт. Кээ бир Кудайга ишенгендер гносеологиялык кичи пейилдиктин ордуна, Кудайга ишенгендик бардык нерсени билүү деп ойлошот.Албетте мындай ишенимде болгон мусулмандар,эч качан инсан баласынын акылы жана билими Алла Тааланын билимине жетпештигин унутбашы керек.
Доукинстин айтымында,Жөөттөрдүн ыйык китеби болгон «Эски Келишимде» “Биз вампир, геноцид, көрө албас, жек көрүү, акмак жана ар бир кылмыштын ээси болгон Кудайга туш болобуз.” Деген маанидеги текстер барлыгы айтылган. Демек, бул Раввиндин өзүнүн Кудайы жөнүндөгү сөздөрү, анчалык таң калыштуу эмес.