Расул-Акрам ислам институту

Имам Ахмад ибн Ханбал баласы үйлөнгөн учурунда айткан насааты

#

Имам Ахмад ибн Ханбал баласы үйлөнгөн учурунда айткан насааты

 

  • Чындыгында аял, сүйүүнү жана сүйүүнү тастыктоону жакшы көрөт, ошондуктан сүйүүңдү билдирүүдө сараңдык кылба. Болбосо корстук менен кополдук экөөңөрдү бөлүп, араңарда жылуу сезим жана сүйүү жоголот.

 

  • Аял табиятынан катаал,орой эркектен жийиркенет жана алсыз, жумшак эркекти өз максатында колдонот. Орточо болгун, бул абал махабатка жана үйдөгү тынчтыкка алып келет.

 

 

  • Чындыгында аялдар, эркектер жакшы көргөн нерсени жакшы көрүшөт – бул жагымдуу сүйлөө, жакшы келбет, таза кийим-кече жана жагымдуу жыт. Ошондуктан дайыма ушул нерселерге бек бол.

 

  • Эсиңе тут! Үй – аялдын падышачылыгы, аял өзүн үйүндө такта отурган падышадай сезет. Абайлагын! Аялды тактан түшүрүп, падышачылыгын кыйратпа. Падышанын эң жаман душманы – анын ээлигин кыйраткысы келген адам.

 

  • Эсиңде болсун! Аял күйөөсү менен болууну каалаганы менен бирге туугандарынан ажырагысы келбейт. Андыктан аялыңа өзүңдү же туугандарын тандасын деп шарт койбо. Эгер ал сени тандай турган болсо, натыйжада аялың менен туугандарынын ортосунда пайда болгон душмандык сөзсүз сенин күнүмдүк жашооңо сурабастан бир күн кирип келет.

 

  • Чындыгында аял кыйшайган кабыргадан жаралган, ушул кыйшайгандык алардын кооздугу жана аларга тартып турган нерсеси, бул нерсе кемчилик эмес. Ошондуктан аялыңа ката кетирген нерсесинде катуу болбой, ырайлуу болгун. Эгер аялды түздөй турган болсоң, сындырып аягы ажырашууга чейин барат. Ката кетирген нерсесинде тийбестен өз ордунда дагы калтырба, болбосо анын өжөрлүгү жана кыйшактыгы күчөп, өзү менен өзү болуп, сен анын мээриминен, эркелөөсүнөн куру калып, сенин сөзүң ага өтпөй калат. Андыктан дайыма орто жолду танда.

 

  • Эстей жүр! Аялдардын табиятында аларга кылынган жакшылыкка ыракмат айтпоо бар. Эгер сен өмүр бою аялыңа жакшылык кылып, бир жолу жамандык кылып койсоң, ал сенден эч жакшылык көрбөгөнүн айтат. Бул нерсе сенин ичиңде аялыңа жийиркенүүнү пайда кылбасын жана ажырашууга себепкер болбосун. Чындыгында, сага аялыңдын бир касиети жакпаса, башкасы сөзсүз жагып калат.

 

  • Дайыма эсиңде болсун! Айрым учурларда аялдар дене жана ички-дүйнөлүк алсыздыкка дуушар болушат. Бул убакытта Аллах Таала аларга күч-кубат келгиче жана алардын ички-дүйнөсүнөн тынчсыздануу кетмейинче орозо, намаздан аларды бошоткон. Мындай учурда аялыңа жумшак болуп, оор нерсени милдет кылба! Карачы – Аллах Таала өз мээримдиги менен аларды кээ бир диний милдеттерден бошотуп койгон.

 

  • Билгин! Аял сенин кол астыңда сыяктуу, андыктан аялыңа мээримдүү болуп, анын кемчиликтерин жана алсыздыгын эстей жүр. Ушундай кылсаң, натыйжада сен чоң ыраакатка ээ болосуң , бул дүйнө жашоодо эң соонун шерикти жана жардамчыны табасың.

67