Батыш маданиятын жаштарга тийгизген таасири
Жаштар деп айтуу менен биз 12-25 жашка келип калган жаштарды максат кылуудабыз. Бул убакта балакат жашы башталып, жаштык сезимдердин оргуштап турган мезгили болгондуктан өтө маанилүү. Балакат жашына келген балдар жана кыздар жашоонун жаңы тепкичине кадам ташташат. Бул мезгилде ата-энеге өтө оор милдет жүктөлөт!
Батыш маданиятынын көздү уялткан тышкы көрүнүшү бүгүн ичинен бузулуп, чөгүп бараткан кези. Бардык адеп-ахлактык баалуулуктары өчүп баратат.Батыштын жаштары ЛГБТ жактоочусу, наркотик, никесиз жыныстык катнаш, адам өлтүрүү, өз жанын кыюу ж.б.у.с. ыпылас нерселер менен алектенип калышты. Биздин өлкөгө да бул ыпыластардын иши ММК жана коопсуздандырылбаган интернет коммуникациясы аркылуу жаштарга жугуп жатат. Бүткүл дүйнөгө өтө тездик менен жайылып жаткан терс маалыматтар, пикирлер, көз-караштар жаштардын өнүп, өсүү чагында абдан терс таасирин тийгизүүдө.Өзүнүн дининен,улуттук үрп-адаттарынан жана баалуулуктарынан ажырап, көкүрөгү сокурларды туурап өз маданиятына чоочун болушууда.
Ошентип батыштан тараган идеология жеке эле биздин жаштарга эмес, дүйнөдөгү бардык жаштарга залакасын тийгизүүдө. Акыркы күндөрдө мамлекетибизде көрүнөө байкалып жаткан кийинүүдөн баштап, динибизге чейин батышты тууроо башталды. Мунун акыры барып руханий тумгуюкка алып бараары бышык. Азыркы заманбап нерселердин бардыгы жаштарыбызга ушунчалык өзүнө тартуучу, көз бойоочу, кооз кылынып сунулуп жаткандыктан биздин коом буга туруштук бере албай, жаштарыбыз акылы менен ой жүгүртпөстөн сезимдерин, напсилерин ээрчип калышты. Батыштан келген ыпылас нерселерди эч кынтыксыз туурай башташты.
Урушаарга жоо таппай, омкорорго тоо таппай турган эр жүрөк жаштарыбыз кафе, бар, дискотека, кумарканаларга кирип, кайра чыга албай калышууда. Булда болсо батыш маданиятынын мусулман жаштарына тийгизген терс таасири. Ал тууралуу «Признания английского шпиона» деген китепчеде мусулмандарды жолдон адаштыруу пландарынын бири төмөндөгүдөй берилет: «Бузукулук, гомосексуализм, спирт ичимдиктери, азарт оюндары аркылуу мусулмандарды бөлүп жаруу ».Мына ушундай абалдарга калган жаштарыбыз динден, адеп-ахлактан жана улуттук үрп-адаттардан качып, батыштан келген “жаштык кезде ойноп күлүү” азгырыгына жана адашкан идеологиялык агымдарга кирип жатышат. Өлкөбүздө болуп жаткан уурулук, паракордук, өзүн өзү өлтүрүүлөр башка адашкан агымдарга кирүү, жыныстык эркиндиги, адепсиз кийимдер мунун айдан ачык мисалы. Анткени биз жаш муунга динибиз Исламды, адеп-ахлакты, билимди, үрп-адаттарыбызды жеткирбей жатканыбыз,экинчи жактан ата-энелер да балдардын тарбиясына кайдигер мамиле жасаганы. Мунун баарына себеп- үй-бүлөдө баланы жашынан эркелетип, ээн-эркин өз каалоосуна таштап аны кайда?, ким менен жүрөт? деген тарабын көзөмөлдөбөй койгондугу. Көчө тили менен айтканда аларды «балконский» кылып өстүрүүдө.
Экинчи себеп мамлекет тараптан ММК аркылуу кирип жаткан маалыматтардын көзөмөлдөнбөй жатканы абдан чоң таасирге ээ. Өлкөнүн өнүгүүсү жана жаштардын өз жашоосуна конкреттүү максат коюп жашоосу үчүн ушул эки фактор өтө жогору мааниге ээ. Анткени адам ээн эркин жүрүп, өз напсисине азгырылганда келечекти унутуп, максатсыз жашоого өтөт. Ал эми напсини тизгиндеп, алдыга туура багыт орнотуу Ислам дүйнө таанымында жана идеологиясында бар.Жогорудагы китепчеде мусулмандарды жок кылуу тууралуу айтылган жөөттөрдүн пландарынын бири мындайча: «Жаштарды улуу муундардан алыстатуу жана аларды бири-биринен бөлүү аркылуу аларды руханий тарбиядан суздатуу. Анткени ата- энесинин тарбиясын албаган жаштар динден ажырайт.Өз дининен жана каада салтынан ажраган жаштарды биз тарбиялайбыз».
Тактап айтканда социалдык тармактар аркылуу жаштарга жөөттөр өз тарбиясын сиңдирүүдө.Бул иштердин кайсыл жол менен аткарылаары тууралууда жогорудагы китепчеде баяндалган. Алар төмөндөгүчө: «Жаштардын ойлоруна Ислам идеологиясына карата дүрбөлөңдү, чечкинсиздикти, күмөндү себүү. Бул үчүн мектептер, журналдар, китептер, спорт клуптар, кинофильмдер жана телевидение ортомчу катары колдонулат». Азыркы учурда бул тизмеде смартфон биринчи орунду ээлөөдө. Бул жерде жаштар гана эмес, бүткүл адамзат бул азгырыктардын курмандыгы болгонун байкоого болот.
Мурда үй- бүлөнү камсыздоо жана балдарды тарбиялоо жеңил болгон.Себеби ар бир улут жаш муундарды өз маданияты менен тарбиялап келген.Көөпчүлук инсандар тапкан ырыскыларына шүгүр кылып, жашоолорун тынч өткөрүшчү. Кандайдыр бир көйгөй чыгып калса, аларды чечүүдө үй-бүлө башчысы болгон атанын кадыр-баркы жана эрки жетчү. Бирок бүгүн алардын бардыгы өзгөрдү. Учурдагы адамдар кийимдердин жаңыраагын кийүүгө, тамактардын даамдуураагын жегенге, мыкты үйлөрдө жашаганга жарышууда. Азыр баардык нерсе бар болгонуна карабастан адамдардын муктаждыктары мурунку замандарга салыштырмалуу көбөйүүдө. Күн өткөн сайын базарлардагы буюмдар, азык-түлүктөр жана кийим-кечектер жаңыланып жаткандыктан бир кишинин тапкан кирешеси жетиштүү болбой жатат. Ушундан улам үй-бүлөнүн бөлөк мүчөлөрү дагы киреше табууга мажбур болушууда. Мына ушундай өзгөрүүлөр үй-бүлөгө ар кандай көйгөйлөрдү жаратууда.
Акыркы күндөрү үй-бүлөлөрдө ынтымаксыздык, чыр-чатактар, үйдөн качуулар жана ажырашуу сыяктуу көйгөйлөр көзгө көп учурачу болду. Мындай терс көрүнүштөрдүн залакасы үйдөгү балдарга жана жаштарга тийүүдө.Кыска убакыттын ичинде бутка туруп, люкс жашоо менен өмүр өткөзүү үчүн үйүнөн качкан жаштар көбөйдү. Булда болсо үй-бүлөдөгү тарбиянын суздугунан жана шариятты түшүндүрүп жеткирбегендиктен. Бир четинен алардын ата-энелери да ислам диниден маалыматы жоктугу жана батыштын сабактарына суугарылгандыгы.
Азыркы жаштардын эң оорчундуу көйгөйлөрүнүн бири – үй-бүлө куруу. Бардыгыбызга маалым болгондой Ислам дини үй-бүлө курууну жеңил кылган. Бүгүнкү жаштардын үй-бүлө курууга болгон кызыгуусу бираз сууп бараткансыйт. Жада калса замандын кыйынчылыктарын шылтоолоп, үй-бүлөсүз жашашты каалашат. Албетте, мындай чолок ой-пикирлер заманбап батышта жашалып жаткан жыныстык эркиндиктен келип жатат. Ар кандай көңүл ачуулар жана сойкулук сыяктуу нерселери жаштарыбыздын пайдалуу ой жүгүртүүсүнө тоскоол болуп жатат. Ошентип жаштарыбыз арак, наркотик, ойноп-күлүү, сойкулук ж.б.у.с. ыпылас адаттардын тузагына түшүп баратат десек жаңылышпайбыз. Мына ушулардын натыйжасында үй-бүлөдө ажырашуулар, чыр-чатактар, атасыз же энесиз балдар, аборттор көбөйүүдө.
Андай болсо, биз эмне кылышыбыз керек?
Жер жүзүндө жашаган эң ардактуу жандык - адам баласы. Ал эми адамдын эң маанилүү жана берекелүү доору жаштык кези. Анткени ар нерсени жасаган да, бузган да адам баласы. Ошондуктан жаштарыбызды адегенде үй ичинде андан кийин мектепте, көчөдө тарбиялайлы. Учурда мамлекетибиз жаштарга билимди жана адепти жеткиликтүү жеткире албай жаткан учуру. Жардамды кандай беребиз деген суроо туулушу мүмкүн. Эгер баарыбыз жаштарыбыздын тарбиясын үй-бүлөдөн баштасак, башкача айтканда жаштарбызды үйдөн чыгардан мурун адептүү, чыныгы мусулман, билимге кызыккан, кыйынчылыктарга туруштук бере алган адам кылып даярдасак,ошондо биз өз милдетибизди аткарган болобуз.
Тарбияны үй-бүлөдөн башташ керек. Анткени мамлекет адамдардан куралат, а адамдар үй-бүлөдөн чыгышат. Ошондуктан ар-бир ата-эне өз уул, кыздарын татыктуу тарбияласа эл ичиндеги мамилелерде көйгөй болбоосу турган кеп. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) хадисинде мындай дейт: “Ар бир наристе өз табиятында төрөлөт. Ата-энеси аны жөөт же христиан же мажуси (отко сыйынган) кылат”. Пайгамбарыбыз бул хадисинде үй-бүлө тарбиясы өтө маанилүү экендигин баса белгилөөдө. Ата-бабаларыз калтырып кеткен таза урпактарыбызды башка жактан келген бузук агымдарга таштабайлы. Антпесек жаштарыбызды башкалар колдонуп өз идеологиясын аларга сиңдирүүдө. Пайгамбарыбыздын (с.а.в) төмөндөгү хадиси бизге дем катары жетиштүү: “Адам баласы дүйнө менен кош айтышкан соң, мынабу үч амалынан башка амалдарынын сообу токтотулат: Берилген садакалар, пайдалуу илим жана жакшы тарбияланган баланын дубасы”. Эгер биз жаштарды жакшы тарбияласак тиги дүйнөдө чоң бир соопко ээ болуп,бул дүйнөдө чоң милдеттен кутулган болобуз.