Расул-Акрам ислам институту

Жаңы жыл арамбы?

#

Коомчулуктагы жаңы жыл көйгөйү

 

          Мамлекетте көптөгөн майрамдар бар алардын бири- Жаңы жыл майрамы. Жаңы жыл христиан мамлекеттеринде пайда болуп акырындык менен Россияда андан кийин бизде майрамдала баштаган. Кыргызстанда мусулман болуп туруп бул майрамды майрамдаган адамдар да бар. Айрыкча декабрь айы аяктап, январь айына жакындаганда эле коомдо  Жаңы жыл арам! Бул майрамды тосуу куфр болот, ширк болот! Ким өзүн башка коомго окшотсо, ал алардан болот! Жаңы жыл жөн эле майрам, аны майрамдаса болот! жана башка ушул сыяктуу сөздөрдү соцтармактарда, элдерден жана кээ бир мечиттерде январь айы жакындаганда угуп калабыз. Мындай сөздөрдү уккан кээ бир инсандар ойлонуп калат, “кимиси туура?” “кимисин ээрчисек туура болот?” деген суроолор оюнда жаралат. Биз бул суроолорго кыскача объективдүү (калыс) жооп берүүгө аракет кылабыз.

         Негизинен жаңы жылга кескин турдө арам, адал же куфр, ширк деп бир тараптуу өкүм берүү болбойт. Анткени азыркы учурда адамдар Жаңы жылды кантип тосо тургандыгын  карай турган болсок, айтылган өкүмдөргө толук жооп бербейт.

         Ширк же куфр болуусу үчүн ачык турдө Аллах Таалага шерик кошуу ( тагыраак айтканда ага башка нерселерди теңөө), Аллах Таала менен биргеликте башка нерсеге сыйынуу жана бул майрам аркылуу диний акыйкаттардын бирине тоң моюндук же жашыруу болуусу керек.

         Абалдар ар кандай болот, кээ биринде арамдыктын, башкасында адалдыктын белгилери көрүнүп турууда. Кескин түрдө өкүм берүү үчүн Куран жана хадистен ачык –айкын (кескин) далилдер керек, андай далилдерге жаңы жылдын азыркы модели толук дал келбейт.

         Бир тараптан алып карасак, бул диний майрам болуп эсептелбейт. Адамдардын көпчүлүгү жаңы жылды тоскондо ислам акыйдасына каршы келе турган ишенимде болушпайт, болгону ушул жыл аяктады, календарь жаңыланып жатат, кийинки жылда ушундай-ушундай иштерди буйурса кылышым керек ж.б ойлор менен тосот. Кээ бир ата-энелер жөн эле балдарын кубантып коёюн деп жаңы жылда ар кандай белектерди алып беришет, аянтка жаңы жылдык балатыны (арчаны) көрсөтөйүн деп алып барат же туугандар кечинде олтуруп тамак-аш ичип, кабарлашып майрамдашат. Айтылган сүрөттөрдө эгер арам иштер аралашпаса, көйгөй жок. Анткени бул дүйнөдө нерселердин негизи мубах (сооп да, күнөө да жок) болуп саналат, бирок шариаттан адалдыгын кетире турган далил келмейинче.

         Аллах Таала айтат: “Ал Аллах жердегинин бардыгын силер үчүн жараткан”[1] , “жегиле жана ичкиле, бирок ысырап кылбагыла, Ал ысырап кылгандарды жашкы көрбөйт”.[2]

         Пайгамбарыбыз (Ага Алланын саламы жана салабаттары болсун)  айткан: “ Аллах Таала өз китебинде адал деген нерсе адал, арам деген нерсе арам. Унчукпаган нерселер кечирилген”[3].

         Кошумчалай  кетчү нерсе азыркы заманда көптөгөн нерселер глобалдашып (глобализацияланып), бүткүл дүйнөгө тарап, эл аралык болуп кээ бир сыпаттары өзгөрүп кеткен. Алардын бири- Жаңы жыл. Башында бул диний майрам болуусунда шек жок. Бирок бара-бара диний маанисин жоготуп, календардын жаңылоосун майрамдоо гана мааниси калган. Жаңы жылга арам иштер жана ар кандай ишеним аралашпаса, өз турушунда бүдөмүк жок.

         Экинчи тараптан алып карасак, ислам дини адамзатты көптөгөн караңгылыктан жалгыз нур болгон динге чакырат. Ал караңгылыктар адамдар үчүн зыян болгондуктан ислам аларга каршы турат жана алар менен эсептешүүгө жол бербейт. Адам баласы ойлоп тапкан диндер, ишенимдер айтылган караңгылыктын катарына кирет.

         Бул дин дүйнөлүк аренада пайда болуусу менен ар кайсы системаларга жана көпчүлүк адаттарга каршы чыкты. Башкача айтканда, дүйнөлүк системаларга оппозиция болду. Анткени адам баласы ойлоп тапкан жашоо мыйзамдары кемчиликтүү жана зулумдукту чагылдырып турат, абсолюттүү адилеттүүлүк деп айтууга болбойт. Анткени бул тезисти тарых ачык- айкын далилдеп турат.

         Аллах Таала айтат: “Аллах – ыймандуулардын досу. Алардын караңгылыктардан  (бир) жарыкка чыгарат. Каапырлардын досу – таагут (бут, идол) аларды жарыктыктан (көптөгөн) караңгылыктарга алып чыгат.”[4]

         Ошентип бул жагынан алганда, жаңы жыл ыймансыздардын ойлоп тапкандарынын бири болуп саналат. Бул майрам алардын жолу, алардын адаты болуп саналат кандай болгон жерде дагы. Мусулман инсанга ыймансыздардын көпчүлүк адатында, маданиятында жакшылык жок, кээ биринде тескерисинче зыян бар. Момун инсан Жаңы жылды алар сыяктуу майрамдаса, алар менен эсептешти деген ыктымал чыгып келет.

         Негизинен жылдын 1-январдан башталышы б.з.ч 46-жылы  Гай Юлий Цезарь тараптан коюлган. Илгерки Римде бул күн Януска ( тандоонун, эшиктердин жана бардык башталыштардын кудайы) арналган. Январь айынын аталышы Янус кудайынын атынан коюлган. Болбосо ошол эле илгерки рим каленьдары боюнча декабрь 10-ай деген маанини берет, ал эми январь 11-ай болуп калат. Кээ бир маалыматтарга таянсак, римдиктер өз колонияларынан зулумдук менен салык алышына дарыя-суулар тоскоол болуп турган, январь айы келгенде жер-суулар тоңуп аларга зордук менен салык алууга мүмкүнчүлүк пайда болгон. Ушул кезде (Жаны жылда) алар ийгиликтүү салык алууларын майрамдашкан. Бирок Жаңы жылдын жогоруда айтылгандай мааниси азыркы учурда жокко эсе.

         Ислам юриспруденциясында “садду аз-зария” деген түшүнүк бар, анын мааниси “шарият тыюу салган, зыянга алып баруучу нерселерди тосуу” дегенди туюндурат. Ушул түшүнүк менен жаңы жылды карай турган болсок, аны майрамдабоо эң жакшы болуп саналат. Нуман ибн Башир (Ага Алла ыраазы болсун) айткан хадисте Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам жана салабаттары болсун) айткан: “Адал менен арам ачык айкын. Алардын ортосунда шек-күмөндүү иштер бар. Кимде – ким алардан оолак болсо динин жана абийрин таза сактап калды. Ал эми ким ал иштерге түшсө арамга кабылат. Анын мисалы, коругат жердин айланасында кой багып, тыюу салынган жерге кирип кетүү коркунучу бар койчу сыяктуу”.

         Мусулман адамга ушул сыяктуу адаттардан оолак жүрүүсү зарыл. Анткени бул адаттардын ислам идеологиясына таасири жок деп айта албайбыз.Бирок айтылганга карабай, куфр же ширк болбосо да, Жаңы жыл башка арам иштерге себепчи болуусунда шек-күмөн жок. Бардыгыбызга маалым болгондой өлкөбүздө көптөгөн иш-каналарда жаңы жылдык корпоратив өткөрүлөт. Бул отуруштар шек-күмөндүү жана арам иштерден таза деп айтууга болбойт. Анткени айрым корпоративтерде аял-эркектер аралашып отурушат, мас кылуучу ичимдиктер ичилет ж.б арамдыгында шек жок амалдар аткарылат.

 

[1] Бакара сүрөөсү, 29-аят

[2] Аъраф  сүрөөсү,31-аят

[3] Тирмизи, Дар аль кутни

[4] Бакара сүрөөсү, 257-аят

154