Жусуп Баласагын
Напсиңди тыя бил да, ачууңду бас,
Өзүңдү бузук жолдон алыстат кач.
Өзүңд эмес, эл пайдасын ойлогун,
Жүгүңдү көтөр, калкка артып койбогун.
Бйлыкты, көп буюмду жыя бербе,
Кутманым, кубандырып бергин элге.
Жакшы адам күйүмдүү, белдүү келет,
Бирөө үчүн аянбай жанын берет.
Элге пайда тийгизгин - жоомарт киши,
Боорукер, жалпы элге - жагат иши.
Адамдыктын белгиси эки нерсе,
Боорукердик, жоомарттык - колдон келсе.
Бул экөөнөн чынында акыл артык,
Акыл жолу адамга берет бакыт.
Жоомартпы, эл оозунан мактоо алган,
Жакыны үчүн жардамга даяр турган.
Жоомарт эмес таратуу элге күмүш,
Жоомарт делет, эл үчүн жанып-күйүш.
Ачык кол, жоомарт болсо баардык жанга,
Эл дагы сыйын кылат ага анда.
Күнүмдүксүз, даңдкың кетип өчөсүң,
Ажал келсе, айла таппай көчөсүң.
Көчмөн адам өзүнө ордо курбайт,
Жолоочу айлап, жылдап жолдо турбайт.
Оо боорум, сен да билгин күнүң бүтөт,
Ашык күлбөй абайла, арман күтөт.
Бу дүйнө өтүп кетет, жолу менен,
Өлөсүң, а мөөнөтүн билбейсиң сен.
Тырмагынан ажалдын ким кутулат,
Бейпил жүрүп, акыры ал тутулат.