Яхбя пайгамбар мартабалуу кожоюн болгон, себеби...
Мухаммад ибн Ахмад Курандагы: "Ал мартабалуу, такыбаа жана жакшы пайгамбар" деген маанидеги аятты чечмелеп, мындай деген:
Яхбя пайгамбар Кудайдын кулу болсо да, Куранда "мартабалуу кожоюн" деп аталган. Мунун себеби - ал төрт нерсени жакшы башкара билген:
- Напсини толук тыя билген;
- Шайтанды жеңе билген;
- Тилин башкара билген;
- Ачуусун тизгиндей билген.