Расул-Акрам ислам институту

Беш түр адам бейишке кирет......

#

Азирети Умар (разияллаху анху) айткан:

Пайгамбарыбыздын сөзү бар: Эгерде адамдын тагдырын алдын ала айтуу мүмкүн болгондо, беш түрдүү кишини бейишке кирет деп айтмакмын:

  • Көп балалуу кедей;
  • Күйөөсүн ыраазы кылган аял;
  • Махрын күйөөсүнөн тартуу кылган аял;
  • Ата-энесин ыраазы кылган адам;
  • Күнөөсүнө өкүнүп, тообосуна кайткан киши;

Таалайлуу эрдин аялы,

Таза болот буюму.

Таң калып көргөн адамдар,

Тамаша кылат үйүнү.

Жарашыктуу боюна,

Жылтылдап турат кийими.

Адептүү кулку келишкен,

Артыкча болот билими.

Терең ойлоп турмушун,

Тегиз кылат өзүнү.

Телегейге тең карап,

тергеп сүйлөйт сөзүнү.

Бузулган эрдин аялы,

Уятсыз болот айбандай.

Ушак айтып айылды,

Уруштурат шайтандай.

Жүрөт берет кыдырып,

Жүгөнсүз кысыр байталдай.

Оозуна келген сөздөрдү,

Оттой берет кайтарбай.

Уйкудан туруп эртелеп,

Ушак издейт тентирейт.

Кайненесин жулмалап,

Кайнатасын сенсирейт.

Зоболосу зор жигит,

Зирек өсөт акылы.

Парасаттуу жан болот,

Никелеп алган катыны.

89