Такыбалыкка жеткирүүчү беш ашуу...
Айрым даанышмандар айткан:
"Такыбалыктын алдында беш ашуу бар. Кимде-ким ошол кыйын ашуулардан аша алса - такыбалыкка жетет:
- Жыргалчылыкты коюп, кыйынчылыкты тандоо;
- Рахатты коюп, күрөшүүнү тандоо;
- Улуулукту коюп, жөнөкөйлүктү тандоо;
- Пайдасы жок сөздөрдү таштап, унчукпастыкты тандоо;
- Жашоо кумарын коюп, акырет сапарын тандоо."