Тобонун кабыл болгондугунун белгилери....
Кээ бир даанышмандардан сурашкан экен: "Пенденин тобосунун кабыл болгонун же кабыл болбогонун билүү мүмкүнбү?". Ал мындай деп жооп берген:
"Буга так жооп бере албаймын, бирок кабыл болгондугунун мындай белгилери бар:
- Өзүн күнөөдөн тазамын деп ойлобоо;
- Көңүлү сынык, маанайы пас болуу;
- Жакшыларга жакын болуп, жамандардан алыстоо;
- Аз байлыкты көптөй көрүп, бирок сообу көп болсо да аз деп билүү;
- Алла Таала берчүлөрдү ойлобой, анын карзынан кутулсам деген ойдо жүрүү;
- Тилди сактай билүү, өкүнүч, муң-кайгыны дайым ойлоп жүрүү."