Сараң бай жетинин бирине туш болот....
Абу Бакр Сыддык (разияллаху анху) айткан:
"Сараң бай жети нерсенин бирине туш болот:
- Өлгөндө байлыгы ысырап кылып пайдасыз короткондорго калат;
- Заалымдарга туш болуп, өзүн кордоп байлыгынан арылат;
- Бир кызыкчылыкка коротуп, суу кумга сингендей жок болот;
- Хан сарайдай там салууну эңсеп, тапканын тамга коротот;
- Отко, сууга, ууруга ж.б балээлерге туш болуп, байлыгы жок болот;
- Кутулбас ооруга учурап, андан айыгуу үчүн бүт байлыгын коротот;
- Бир жерге бекитип коюп, унутуп таппай калат."