Азирети Усман (разияллаху анху) айткан:
Хизр (алейхи салам) тууралу айтылган аяттарда "дубалдын астында ал жетимдер үчүн кен бар, алардын атасы салих адам болгон" деп айтылат. Ал кен алтындан куйулган жазуусу бар доска экен, ал жерде жети түр инсанга таң калуу керек деп жазылган:
- Жашоонун акыр түбү өлүм экенин билип туруп, куунап-күлгөн кишиге;
- Дүйнөнүн жок болоорун билип туруп, ага кызыкканга;
- Баары тагдырдан болоорун билип туруп, өткөнгө өкүнгөнгө;
- Акыретте сурак болоорун билип туруп, дуйнө чогултканга;
- Тозоктун бар экенин билгенине карабай күнөө кылганга;
- Алла Таала бар экенине анык ишенип туруп, башканы ойлогонго;
- Бейиштин бар экенин билип туруп, жашоонун жыргалына азгырылганга;
- Шайтандын душмандыгын билип туруп, анын жолун жолдогонго.