Расул-Акрам ислам институту

Азирети Алиге (разияллаху анху) берилген суроо...

#

Азирети Алиден (разияллаху анху) сурашыптыр: "Асмандан кенен, жерден оор, деңизден терең, таштан каттуу, оттон ысык, муздан суук, уудан ачуу нерсе барбы?" Азирети Али (разияллаху анху) буга мындай жооп берген экен:

  • Адамга жала жабуу жерден оор;
  • Акыйкат асмандан кенен;
  • Каниеттүү адамдын көңүлү деңизден да терең;
  • Мунафыктын дили таштан каттуу;
  • Падышанын зулуму оттон ысык;
  • Сараңга муктаждык муздан да суук;
  • Сабырдуулук уудан да ачуу.

40