Расул-Акрам ислам институту

Беш маал намазды дайыма окуган инсан тогуз сыйлык менен сыйланат...

#

Азирети Усман (разияллаху анху) айткан: "Беш маал намазды дайыма өз убагында окуган кишини, Алла Таала тогуз жакшылык менен сыйлайт:

  • Жараткан аны жакшы көрөт;
  • Ага ден соолук берет;
  • Периштелер аны коргоп жүрүшөт;
  • Үй бүлөсүнө береке толот;
  • Жүзүндө жакшылардын жышааны болот;
  • Алла Таала аны боорукер, күйүмдүү кылат;
  • Кыл көпүрөдөн чагылгандай тездик менен өтөт;
  • Алла Таала аны тозоктон куткарат;
  • Кайгы-муң баспаган, коркунучка калбаган жакшылардын жанынан орун берет."

55