Абу Бакр Сыддык (رضي الله عنه) айткан:
Абу Бакр Сыддык (разияллаху анху) айткан: "Кудай Таала кимге он нерсени берсе, ал балээ-апаат кыйын кырсыктардан алыс болуп, кадыр баркы көтөрүлүп такыбалар даражасына жетет:
- Чынчылдык менен каниеттүүлүк;
- Барга шүгүр этүү менен сабырдуулук;
- Такыбалык менен жокчулук;
- Ачкалык менен терең ой;
- Коркуу менен кайгыруу;
- Эмгектенүү менен жатыктык;
- Мунайымдык менен боорукерлик;
- Алла Тааланы жакшы көрүү менен уяттуулук;
- Пайдалуу илим менен ак пейилдүүлүк;
- Акылдуулук менен ыймандуулук."