Жет күн сайын бул он сөз менен үн салат....
Анас ибн Малик (рахматуллахи алейхи) айткан: "Күн сайын жер мына бул он сөз менен үн салат:
- Оо адам баласы! Менин сыртымда чаап жүрөсүң, бирок акыры койнума киресиң;
- Үстүмдө жүрүп күнөө кыласың, бирок койнума кирип азапка каласың;
- Үстүмдө күлүп жүрөсүң, бирок койнумда ыйлайсың;
- Үстүмдө кубансаң, койнумда кайгырасың;
- Үстүмдө байлык чогултасың, койнумда өкүнөсүң;
- Үстүмдө арамды жесең, койнумда курттар сени жейт;
- Үстүмдө айлакерлик кылсаң, койнумда кор болосуң;
- Үстүмдө жыргап жүрсөң, койнумда кайгыга батасың;
- Үстүмдө жарыкта жүрөсүң, койнумда караңгыда каласың;
- Үстүмдө эл менен жүрөсүң, койнумда жалгыз жатасың."