Хасан аль Басри (рахматуллахи алейхи) айткан:
Хасан аль-Басрий (рахматуллахи алейхи) айткан: "Бир жигит менен кошо Басранын базарында баратып, даанышман табыпты көрдүк. Отургучунда отурат, айланасында эркек-аял, бала-бакыра болуп көп киши. Ар биринин колунда суу куйган идиш, ооруларына шыпаа болор дары сурап жатышкан экен. Жанымдагы жигит да алдыга өтүп даанышман табыпка мындай суроо узатты:
- Оо, кутман табып! Күнөө тазартчу, жан дүйнө дартын дарылай турган дарыңыз барбы?
- Ооба, бар - деди табып.
- Кана, бериңизчи - дегенде, табып айтты:
- Кедейлик дарагынын тамырын,
- Кичи пейилдик багынын тамырына аралаштыр,
- Анан ичине тобо жемишин кошуп,
- Ыраазылык сокусуна сал,
- Аны каниет сокбилеги менен жанч да,
- Такыба казанына сал,
- Үстүнө абийир суусун куйуп,
- Махабат оту менен кайнат,
- Анан шүгүрчүлүк кесесине куйуп,
- Үмүт желпигичи менен суут,
- Аны алкыш кашыгы менен ич!. Ушундай кылсаң гана дүйнө-акыреттин дарттарынан кутуласың."