Расул-Акрам ислам институту

Беш даанышмандан экиден насаат...

#

Илгерки падышалардын бири аалым жана даанышмандардан бешөөнү чакырып, ар биринен учкул сөз сүйлөшүн талап кылат. Анда алардын ар бири экиден учкул сөз айтып, баардыгы он сөз болгон. Алардын биринчиси мындай дептир:

  • Жараткандан коркуу - амандык, андан коркпоо - наадандык;
  • Макулуктан коркпоо - эркиндик, бирөөдөн коркуп жашоо - кулдук;

Экинчиси:

  • Кудай деген кул өлбөйт, Кудайга үмүт байлоо - ашкан байлык;
  • Кудайды унутуу - куржуну толо алтын болсо да кутулгус жакырчылык;

​​​​​​​Үчүнчүсү:

  • Жан дүйнөсү бай адамдын жан калтасы бош болсо да жайдары жүрөт;
  • Жан дүйнөсү жакырдын чөнтөгү алтын болсо да жармач;

​​​​​​​Төртүнчүсү:

  • Жан дүйнө байлыгы менен жоомарттык кылуу - дөөлөткө дөөлөт кошот;
  • Жан дүйнөсү жардынын жамбысы чөнтөктөн чууруп турса да, мээнетке мээнет кошот;

​​​​​​​Бешинчиси:

  • Аз жакшылыкка жетүү - көп жамандыкка калуудан артык;
  • Жамандыктан оолак болуу - жакшылыкка тийип качкандан артык турат.

46