Расул-Акрам ислам институту

Дуба кабыл болбошунун себеби...

#

Ибрахим ибн Адхам (рахматуллахи алейхи) айткан:"Дуба кылгыла, аны кабыл алам" деген маанидеги аятка таянып дуба кылсак да, кабыл болбогонунун себеби эмнеде? деп сурашканда, ал мындай деген:

"Он түрдүү себептен улам жан"дүйнөңөр кыйраган:

  • Кудайды билип туруп, улуулугуна жараша кулчулук кылбайсыңар;
  • Шайтандын душман экенин билесиңер, аны ээрчийсиңер;
  • Пайгамбардын үммөтүбүз дейсиңер, анын сүннөтүн аткарбайсыңар;
  • Бейишти жактырасыңар да, ага даярданбайсыңар;
    • Тозоктон коркумуш болосуңар да, күнөодөн кайтпасыңар;
    • Өлүм ак экенин билесиңер да, ага даярдык кылбайсыңар;
    • Бирөөнүн айыбын чукуп, өзүңөрдүкүн жашырасыңар;
    • Алла Таала берген ырыскыны жеп, ага шүгүр кылбайсыңар;
    • Өлүктү көргө көмүп, андан үлгү албайсыңар, - дубаңардын кабыл болбогону мына ушундан."

41