Даанышмандардын бири айткан экен: Дайыма мени менен макул болгон адамдан эч нерсе үйрөнгөн эмесмин.
Акыл - түндө алдыңдагы шам чырак,
Билим алсаң маңдай ачык жаркырап.
Акыл, билим көп нерсеге жеткирет,
Бул экөөнөн урмат-сыйды көп көрөт.
Билим менен деп айтыптыр акылман,
Күнөөкөр да тозок отунан кутулган!
Акылдуунун иши дагы салмактуу,
А түркөйлөр - майда, жеңил, камгак бу.
Кимде-эгер акыл болсо, олжо табаар,
Кимде-ким билим алса, бек аталаар.
Акылды карызга эчким бербейт колго,
Акыл - бул, Жараткандан алган олжо.