Расул-Акрам ислам институту

Даанышмандардын чоң насааты....

#

قال بعض الحكماء: الكذاب لا يعاشر, و النمام لا يشاور, و الكبير لا يكابر, و المحارب لا يستخبر, و الجبان لا يستنصر, و البكر لا يسلم عليها, و الأمة لا يؤمي إليها, و الرقيق لا يشاحح, و البخيل لا يسامح, و العاشق لا يعاير, و الفاسق لا يسامر, و الخسيس لا يكارم, و الأسد لا يصادم, و الأهوج لا يزوج, و الباطل لا يروج, و العرض لا يسيب, و المؤمل لا يخيب, و الخير لا ينكر, و الباغي لا ينصر.

Даанышмандар айткан:

  • Жалганчы менен мамиле кылынбайт.
  • Ушакчыдан кеңеш суралбайт.
  • Жашы улууга текеберлик кылынбайт.
  • Жоокер суралбайт.
  • Коркоктон жардам суралбайт.
  • Кызга салам айтылбайт.
  • Күңгө ишарат кылынбайт.
  • Кулга сараңдык кылынбайт.
  • Сараң кечирилбейт.
  • Ашык болгон жемеленбейт.
  • Бузуку менен маектешилбейт.
  • Төмөн (кылыгы менен) киши урматталбайт.
  • Арыстан менен кагылышпайт.
  • Акылы кем, акмак үйлөнтүлбөйт.
  • Жалган, негизсиз таркатылбайт.
  • Абийир кароосуз ташталбайт.
  • Үмүткө толо кишинин көңүлү калтырылбайт.
  • Жакшылык кайтарылбайт.
  • Козголоңчу көмөктөлбөйт.

34