Расул Акрам Ислам институтунда коноктор...
Бугун Арашан теология факултетинин студенттери жана мугалимдери Расул Акрам Ислам институтуна, бир иш алып баруу келишиминин үстүндө конокко келишти. Мугалимдер менен стунденттердин жыйыны болуп, эки окуу жайдын тең мугалимдери балдарга лекция окуп беришти. Эки тараптын мугалимдеринин ортосунда түрдүү белектер менен алмашуу болду. Аягында эки окуу жайдын мугалимдеринин жана студенттеринин ортосунда спорттук оюн уюштурулду.
