Жүздүн бурулуусу жана тилдин жаңылыш ....
لفتات الوجه و فلتات اللسان يظهران ما اضمره الانسان من كل شان
Жүздүн бурулуусу жана тилдин жаңылуусу инсандын жашырганын ачыктап берет.
قال عمر ابن الخطاب: من كتم سره كانت الخيرة في يده
Азирети Умар (разияллаху анху) айткан: Ким сырды жашырса, колунда жакшылык болот.
قال بعضهم: من زعم أنه يجد راحة في إفشاء سره إلى غيره فقد اتهم عقله لأن مشقة الاستبداد بالسر أقل من مشقة إفشائه بسبب المشاركة
Кээ бирлер айткан: Ким сырын башка бирөөгө ачып берүүдө тынчтыкты табам деп ойлосо, өз акылын доомот кылган болот. Анткени сырды ачпай бекем кармоонун машакаты, башка бирөөгө ачып берүү машакатынан жеңил.